Бүгүн, 11-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Быйылкы негизги майрамдык иш-чаралар Талас облусунда өтөт. Жыйында Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн башкы программасы, концерттик программанын концепциясы, ошондой эле Талас облусунда курулуп жаткан жана ачыла турган объектилердин даярдыгы каралды.
Касымалиев даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктоо зарылдыгын белгилеп, буга чейин Талас облусунда бир нече жолу көчмө жыйындар өткөрүлүп, курулуш жана даярдык иштеринин жүрүшү жеринен текшерилгенин айтты.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш, көрктөндүрүү жана уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмалар берилди.



