Башкы беткеПрезидентКыргызстан 2027-жылы ЕАЭБге төрагалык кылат

Кыргызстан 2027-жылы ЕАЭБге төрагалык кылат

Кыргызстан 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органдарына төрагалык кылат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 7-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган Евразия экономикалык форумуна өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартуу менен катышуучулардын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар