Home Көчмөндөр оюндары Жүрөгү кармаган 77 жаштагы бейтап Кырчындан Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

Жүрөгү кармаган 77 жаштагы бейтап Кырчындан Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

0
49

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунан 77 жаштагы бейтап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен Балыкчы шаарына ыкчам эвакуацияланды.

Бейтапта туруктуу эмес стенокардия жана гемодинамикалык туруксуздук аныкталган. Буга чейин Ош шаарында ага коронардык артерияга стент коюу операциясы жасалган.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери бейтапты мындан аркы дарылоону улантуу жана адистештирилген көзөмөлгө алуу үчүн Балыкчы шаарындагы КАТЛАБ филиалына которуу чечимин кабыл алышкан. Зарыл болгон учурда коронарография жүргүзүлүп, кайрадан стент коюу мүмкүнчүлүгү каралат.

Бейтап Балыкчыга эч кандай тоскоолдуксуз жеткирилип, КАТЛАБдын дарыгерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда ал интенсивдүү терапия палатасында дарыланууда. Бейтаптан зарыл болгон анализдер алынган.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here