Башкы беткеДүйнөМессинин Аргентина курамындагы коштошуу оюнуна билеттер 4 мүнөттө сатылды

Мессинин Аргентина курамындагы коштошуу оюнуна билеттер 4 мүнөттө сатылды

Аргентинанын футбол боюнча улуттук курамасынын Лионель Мессинин коштошуу оюнуна бардык билеттер төрт мүнөттө сатылып кетти. Бул тууралуу Olé басылмасы жазды.

Аргентина 6-октябрда Буэнос-Айрестеги “Эль Монументаль” стадионунда Бенин менен беттешет. Стадион 85 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Билеттер 24-сентябрда сатыкка чыгып, суроо-талаптын жогору болгонунан улам сатуу баракчасы убактылуу иштен чыгып, күйөрмандар электрондук кезекке турушкан.

Лионель Месси Аргентина курамында 2005-жылы дебют жасап, ушул убакка чейин 207 оюн өткөрүп, 125 гол киргизген жана 68 натыйжалуу пас берген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар