Башкы беткеМинистрлер кабинетиКырчында шашылыш эвакуация үчүн эки тик учак нөөмөткө коюлду

Кырчында шашылыш эвакуация үчүн эки тик учак нөөмөткө коюлду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кырчынга Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү эки тик учак нөөмөткө коюлду. Алар зарыл болгон учурда жарандарды ыкчам эвакуациялап, медициналык мекемеге жеткирүүгө тартылат.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунун аймагында, анын ичинде Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унаалар нөөмөткө чыгарылды. Куткаруучулар күнү-түнү күзөттө туруп, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Кырчын жайлоосуна ӨКМдин мобилдик госпиталы жайгаштырылып, анда дарыгерлер медициналык жардамга кайрылган жарандарды кабыл алып, тиешелүү жардам көрсөтүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар