АКШнын Майами шаарындагы эл аралык аэропортто Amazon компаниясына тиешелүү жүк ташуучу учак конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, бир нече унааны сүздү. Кырсыктан кеминде беш адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алды.
Кырсык 6-сентябрда болгон. Сан-Хуан шаарынан келген Boeing 767-300 жүк ташуучу учагы конуу маалында тилкеден чыгып, аэропорттун сыртындагы жолго өтүп, бир нече унааны сүзгөн. Андан соң учактан өрт чыккан.
Жабыркагандардын үчөө оор абалда экени маалымдалды. Каза болгондордун учакта же сүзүлгөн унааларда болгон-болбогону азырынча тактала элек.
Кырсыктын себептерин АКШнын Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши иликтеп жатат.



