29-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өткөн ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого Ички иштер органдарынын 15 миңден ашуун кызматкери тартылды.
ИИМдин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялар жүргөн каттамдарда, коноктор жайгашкан объектилерде жана эл көп топтолгон аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.
Өзгөчө көңүл Кырчын жайлоосуна жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданга бурулду. Бул жерлерде массалык иш-чаралар өтүп, милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо менен катар жарандарга жана чет өлкөлүк конокторго жардам көрсөтүштү.
Ал эми “Бишкек Аренада” өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 30 миңге жакын көрүүчү келген. ИИМ кызматкерлери иш-чаранын коопсуз жана үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылышты.
Милиция коомдук тартипти сактоодон тышкары, чет элдик конокторго багыт көрсөтүп, зарыл учурда транспорттук жана башка жардамдарды көрсөттү. Бул иштерге чет тилдерин билген Туристтик милициянын кызматкерлери да тартылды.
Коопсуздукту камсыздоодо видеокөзөмөл сыяктуу заманбап санариптик технологиялар да колдонулуп, кырдаал реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп турду. ИИМдин Медициналык башкармалыгы да күчөтүлгөн тартипте иштеп, зарыл учурда медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болду.
ИИМдин маалыматына караганда, иш-чаралар өткөн мезгилде Көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине байланыштуу катышуучуларга, конокторго жана чет өлкөлүк туристтерге карата бир дагы кылмыш же укук бузуу катталган жок.



