Тоолорубуздагы жапайы алма – дүйнөлүк мөмө-жемиш маданиятынын баалуу генетикалык мурасы экени дагы бир ирет илимий жактан такталды.
Күн сайын дасторкондун көркүн ачкан кызыл, сары, жашыл алмалардын артында миңдеген жылдарды камтыган тарых жатканын көпчүлүк биле бербейт. Бүгүн дүйнөнүн дээрлик бардык бурчунда өстүрүлүп жаткан алманын тарыхый тамыры Борбор Азиянын тоолоруна барып такалат.
Айрыкча Кыргызстандын тоолуу аймактарында өсүп келген Сиверс алмасы (Malus sieversii) дүйнөлүк илимде өзгөчө мааниге ээ жапайы алма. Генетикалык изилдөөлөр бул азыркы маданий алманын (Malus domestica) генетикалык тарыхындагы негизги түпкү тегин көрсөтүп келет.

Жапайы алмадан дүйнөлүк сортторго чейин
Сиверс алмасы Борбордук Азиянын тоолуу аймактарында, анын ичинде Кыргызстандын айрым өрөөндөрүндө жана тоо капталдарында табигый түрдө өсөт. Анын өзгөчөлүгү сырткы көрүнүшүндө жана укмуштуудай даамында.
Кызыгы, бир дарактан кычкыл, экинчи дарактан таттуу, үчүнчүсүнөн чоңураак же майдараак алма табылышы мүмкүн. Мына ушул табигый ар түрдүүлүк окумуштуулар үчүн өзгөчө баалуу.
Анткени, жапайы түрлөрдө табигый тандалуунун натыйжасында ооруларга, суукка, кургакчылыкка жана башка экологиялык шарттарга ыңгайлашкан белгилер сакталат. Ошондуктан Сиверс алмасы заманбап селекция үчүн баалуу генетикалык булак катары каралат.
Генетика тарыхты тактады
Маданий алманын келип чыгышын изилдөөдө ДНК анализдери чоң бурулуш жасады. Ар кайсы аймактардан алынган жапайы жана кадимки алмалардын геномдорун салыштыруу алардын ортосундагы туугандык байланышты аныктоого мүмкүндүк берди.
Изилдөөлөр Malus sieversii маданий алманын генетикалык тарыхында негизги ролду ойногонун көрсөттү. Ошол эле учурда азыркы алма бир гана жапайы түрдөн түздөн-түз келип чыккан деген түшүнүк туура эмес: анын калыптанышына башка алма түрлөрүнүн, айрыкча Европа жана Азиядагы жапайы алмалардын генетикалык аралашуусу да таасир эткен.
Демек, бүгүнкү алма миңдеген жылдарга созулган табигый тандалуунун, көчүрүп өстүрүүнүн, чаңдаштыруунун жана адамзаттын селекциялык эмгегинин жыйынтыгы.

Жибек жолу алманын тарыхын өзгөрткөнбү?
Борбор Азиянын байыркы соода жолдору да бул тарыхта маанилүү роль ойногон.
Тарыхчылардын баамында, Улуу Жибек жолу аркылуу адамдар, товарлар менен катар өсүмдүктөрдүн уруктары жана көчөттөрү да бир аймактан экинчисине тараган. Борбор Азияда өскөн алманын түрлөрү менен формалары да соода жана көчүп-конуу процесстери аркылуу жаңы аймактарга жеткен.
Мындай байланыштардын натыйжасында ар башка аймактардагы алма популяциялары бири-бири менен чаңдашып, маданий алманын бүгүнкүдөй татаал генетикалык түзүлүшүнүн калыптанышына шарт түзгөн.
Ошондуктан алма жөн гана мөмө эмес, ал адамзаттын миңдеген жылдык көчүп-конуу, соода жана дыйканчылык тарыхынын да бир бөлүгү десек туура болот.
Арсланбаптын алмалары генетиканын башаты
Кыргызстанда жапайы алма-жаңгак токойлору өзгөчө баалуу экосистемалардын катарына кирет. Алардын ичинен Жалал-Абад облусундагы Арсланбап аймагы өзүнүн жаңгак-мөмө токойлору менен дүйнөгө белгилүү.
Бул токойлордо жаңгактан тышкары алма, алмурут, өрүк жана башка мөмөлүү дарактардын жапайы тїрлºрї кездешет.
Мындай токойлордун баалуулугу алардын кооздугунда гана эмес. Алар жаратылыштагы генетикалык ар түрдүүлүктүн маанилүү кампасы болуп саналат. Дүйнө жүзүндө климат өзгөрүп, айыл чарбасына жаңы оорулар жана зыянкечтер коркунуч жаратып жаткан учурда жапайы өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо барган сайын маанилүү болууда.
Жапайы алманын пайдасы
Селекционерлер жаңы сортторду чыгарууда жапайы башка окшош түрлөрдүн генетикалык өзгөчөлүктөрүнө кайрылышат. Себеби жапайы өсүмдүктөрдүн арасында ооруларга жана зыянкечтерге чыдамдуу, суукка же кургакчылыкка ыңгайлашкан формалар кездешет.
Бул сапаттарды маданий сортторго өткөрүү келечектеги айыл чарбасы үчүн чоң мааниге ээ.
Демек, тоодо өсүп турган кычкыл же майда жапайы алма сыртынан анча бааланбагандай көрүнгөнү менен, анын ичинде келечектеги түшүмдүү жана туруктуу сорттор үчүн керектүү гендер болушу мүмкүн.

Табияттан келечекке
Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн жапайы алма токойлорун сактоо экологиялык гана эмес, илимий жана экономикалык мааниси бар.
Токойлордун кыйылышы, жер пайдалануунун өзгөрүшү, климаттын өзгөрүшү жана башка антропогендик факторлор жапайы өсүмдүктөрдүн табигый популяцияларына таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан жапайы алма өскөн аймактарды коргоо, алардын генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдөө жана келечек муундар үчүн сактап калуу жалпы коомдун маанилүү милдеттеринин бири.
Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз-Туусу”



