Башкы беткеСаясатСадыр Жапаров эмне үчүн кызматтан кетпей туруп шайлоого катыша алат? БШК төрагасынын...

Садыр Жапаров эмне үчүн кызматтан кетпей туруп шайлоого катыша алат? БШК төрагасынын түшүндүрмөсү

Мыйзам азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кызматтан кетпестен президенттик шайлоого катышуусуна жол берет. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жогорку кызмат адамдарынын шайлоо өнөктүгүнө катышуу тартибин түшүндүрүп жатып билдирди.

Буга чейин БШК төрагасы бул ченем боюнча «Азаттык» радиосуна комментарий берип, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмө берген. Шайназаровдун айтымында, колдонуудагы мыйзамдар президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда өз ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттендирбейт. Ошол эле учурда административдик ресурсту пайдаланууга катуу тыюу салынат.

Укуктук негиздер боюнча расмий түшүндүрмө алуу үчүн «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровго түз кайрылды.

Шайназаровдун түшүндүрмөсүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик саясий кызматчылар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотору белгиленген. Бирок бул талап Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке тиешелүү эмес.

БШКнын төрагасы бул укуктук практика Кыргызстандын шайлоо системасында мурда да колдонулуп келгенин белгиледи. Анын белиглөөсүндө, ушундай эле норма 1999–2011-жылдары колдонулган Шайлоо кодексинде да болгон жана азыркы колдонуудагы конституциялык мыйзамда сакталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар