Эртең Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы башталат. Анын алкагындагы жалпы дебаттарга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат.
Ирандын айланасында уланып жаткан жаңжалдын шартында дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери кырдаалды деэскалациялоо жана чыңалууну басаңдатуу жолдорун талкуулашат.
АКШнын президенти Дональд Трамп согуш жакын арада аякташы мүмкүн экенин билдирип, Иранга жасалган соккулар өлкөнүн өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн зарыл болгонун айтты.
Катар өкмөтүнүн башчысы Иран алардын коңшусу, ал эми АКШ стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, жаңжал буга чейин эле глобалдык коопсуздукка таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Өз кезегинде Иран деңиз блокадасын жоюуну талап кылып, согуштун мындан ары күчөп кетүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Бул маселеде өзгөчө көңүл Ормуз кысыгына бурулууда.



