Башкы беткеСаясатМарлен Маматалиев Кара-Кулжадагы объектилерди көрдү

Марлен Маматалиев Кара-Кулжадагы объектилерди көрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 26-сентябрда Кара-Кулжа районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Ал Кызыл-Суудагы көпүрөнүн, сугат долбоорлорунун, Көндүк айылындагы мектептин жана Ила-Талаа — Гүлчө жолунун курулуш иштерин көрдү.

Кызыл-Суудагы көпүрө 17 айылдын район борбору менен байланышын камсыздайт. Жаңы көпүрөнү куруу үчүн долбоордук документтер даярдалып жатат.

Ошондой эле Сай, Орто-Талаа жана Токбай-Талаа айылдарындагы сугат долбоорлору талкууланды. Алар ишке ашса, жүздөгөн гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Көндүк айылындагы мектептин имараты авариялык абалда экени айтылды. 150 орундуу жаңы мектептин долбоору даяр болгону менен, курулушу баштала элек.

Ал эми Ила-Талаа — Гүлчө жолунун 50 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо иштери уланууда. Марлен Маматалиев иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү талап кылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар