Башкы беткеМаданиятБарпы театры Өзбекстанда чыгармачылык иш сапар менен өнөр тартуулайт

Барпы театры Өзбекстанда чыгармачылык иш сапар менен өнөр тартуулайт

2026-жылдын 29-сентябрында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Өзбекстан Республикасынын Ханабад шаарына чыгармачылык иш сапар менен барат.

Иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек маданий байланыштарын чыңдоо, театрлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки элдин достук мамилелерин бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» спектакли көрүүчүлөргө тартууланат.

Спектаклди Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Жумалиев сахналаштырган. Сценографиялык жасалгасын Маданияттын мыкты кызматкери Чинара Чотурова даярдаган.

Башкы ролдорду театрдын артисттери Бакыт Мойдунов, Гулипар Гаипова, Руслан Исмаилов, Уулкан Галдыбай кызы жана Шахрезада Шактыбекова аткарышат.

Спектаклдин жарык берүүчү адиси — Нурбек Мамадалиев, үн оператору — Талант Нурумбетов.

Чыгармачылык иш сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын театр өнөрүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар