Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизге өзүмдүн атымдан жана Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн атынан Шекер айылында «Айтматов ааламы» комплексинин курулушуна көрсөткөн колдооңуз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирейин дедим.
Кыргызда «киндик кан тамган жер» деген терең маанилүү сөз бар эмеспи. Бул жөн гана адам төрөлгөн жер эмес. Бул — сенин тамырың жаткан, балалыгың өткөн, ата-бабаңдын изи калган, кайда жүрбө, өмүр бою жүрөгүңө жакын болуп, өзүнө тартып турган жер.
Мен өзүм 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөм. Ошол кезде атам Төрөкул Айтматов Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуп жүргөн экен. Биздин үй-бүлө ошол мезгилде СССРдин борбору Москвада жашап турган.
Мен жарык дүйнөгө келгенде атам үйгө келип, короодо ойноп жүргөн кичинекей Чыңгызга сүйүнчүлөптүр:
— Балам, сүйүнчү, карындаштуу болдуң! Атын ким коёлу? — деп сураса, Чыңгыз агам:
— Роза деп коёлу, — дептир.
Кызыгы, мен 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө төрөлүп жатпаймынбы. Кичинекей Чыңгыз анын маанисин толук түшүнбөсө да, ошол кезде көп айтылган Роза Люксембургдун атын угуп жүргөн болушу мүмкүн. Балким, «Роза» деген ысым ошентип анын эсинде калгандыр.
Атам болсо Чыңгыз агамдын сунушун жактырып:
— Анда атын Розетта деп коёлу, бирок күнүмдүк турмушта Роза дейбиз, — деген экен.
Ошол жылдары Испанияда согуш жүрүп, Розетта деген баатыр кыз жөнүндө да көп айтылчу экен. Кыязы, атам «Розетта» деген ысымды ошондон улам тандаган болсо керек.
Ошентип, менин атымдын өзүндө да биздин үй-бүлөнүн кичинекей бир тарыхы калыптыр: Роза деген атты Чыңгыз агам сунуштап, Розетта деген толук атты атам Төрөкул койгон экен.
Бирок Москвада мен болгону эки ай гана жашадым. Атам камаларын сезгенби, айтор, үй-бүлөсүн — апам Нагиманы төрт баласы менен — Шекерге жөнөткөн экен. Ошентип, эки айлык кезимден баштап Шекерде чоңойдум.
Ошондуктан Москвада төрөлсөм дагы, киндик каным тамган жерим — Шекер деп эсептейм.
Шекер — менин балалыгым, ата-бабаларыбыздын жери, биздин үй-бүлөнүн тамыры.
Ал эми Чыңгыз агам үчүн Шекер бүтүндөй бир аалам болду. Ал бекеринен: «Ааламга жол айылдан башталат», — деп айтпаса керек.
Кийин дүйнөгө таанылган улуу жазуучу болгондо да, кайсы жерде жүрбөсүн, Шекерди өчпөгөн ысык чоктой жүрөгүндө алып жүрдү. Анткени анын адам катары калыптанышы, элдин турмушун, мүнөзүн, кайгы-кубанычын бөлүшүп, таанып-билиши дал ушул жерден башталган.
Кийин бүт дүйнө окуган чыгармаларындагы каармандардын, ойлордун, сезимдердин көбүнүн башаты да ушул Шекерден тараган. Шекер анын туулган жери гана эмес, Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармачылык ааламы башталган жер болду.
Мына, бүгүн мен токсон жаштын чайын ичип отурам. Кудайга шүгүр.
Ушул узак өмүрүмдө дүйнөнүн көп жерин көрдүм. Канча кооз шаарларда, канча ажайып жерлерде болдум. Бирок адамдын жүрөгү баары бир өзүнүн тамыры жаткан жерге тартат экен. Мен үчүн Шекерден жүрөккө жакын, Шекерден жылуу жер болгон жок.
Жаш өткөн сайын балалык күндөр, ата-энең, бир туугандарың, өзүң басып чоңойгон жолдор өзгөчө бир сагыныч менен эске түшөт экен. Ошондо адам үчүн «киндик кан тамган жер» деген сөздүн мааниси мурдагыдан да терең боло түшөт экен.
Жакында ооруканада жатканымда: «Дагы бир жолу Шекерге барганга чамам жетер бекен? Туулган жеримди дагы бир жолу көрөр бекем?» — деп ойлодум.
Кудай буюруп, сентябрь айынын башында агамдын «Айтматов ааламы» ордосунун ачылышына келдим. Ошол күнү комплекстин ачылышына Сиз да атайын келип, жаңы ордонун эшигин ачып бердиңиз. Мен үчүн бул өзгөчө толкунданткан учур болду. Анткени көп жылдар бою күтүп жүргөн тилегибиз орундалып, Чыңгыз агамдын өз жеринде анын улуу дүйнөсүнө арналган «Айтматов ааламы» ордосу ачылды.
Бул ордонун курулуп, бүгүнкүдөй көрккө келип турушуна Сиздин түздөн-түз тиешеңиз бар экенин мен гана эмес, элдин баары билет деп ойлойм. Ошондуктан бул жакшылыкты көрүп туруп, Сизге өзүнчө ыраазычылык айтпай коюуга болбойт урматтуу Садыр Нургожоевич.
Айтып кетсем, жаңы ордодо отуруп, балалык күндөрүм көз алдыма келди. Улуу Ата Мекендик согуш жүрүп жаткан оор мезгил эле. Биз болсо кичинекей кыздар чийден куурчак жасап алып ойноп жүрчүбүз. Балалык согушту билчү беле… Ойноп-күлүп жүргөнүбүз менен, ичимде атамды бир көрсөм деген сагыныч бар эле.
Тээ алыстан атамдын карааны көрүнүп калса экен, алдынан чуркап чыгып, мойнунан бекем кучактасам экен деп эңсечүмүн. Ошол балалык арзуум орундалбай калды. Бирок атамды күткөн ошол сезим алигиче жүрөгүмдө жашап келет.
Садыр Нургожоевич, «Айтматов ааламында» отуруп, Сиз менин жүрөгүмдүн тереңинде канча жылдан бери жашап келген ошол сезимди кайра ойготтуңуз. Бир саамга өзүмдү баягы Шекерде атасын күтүп жүргөн кичинекей кыздай сездим.
Ошондуктан бул ааламдан мен Чыңгыз агамдын гана эмес, атам Төрөкулдун да элесин сездим. Анткени Чыңгыздын ааламы — биздин үй-бүлөнүн, ата-бабаларыбыздын, Шекердин тарыхынан бөлүнүп турган өзүнчө дүйнө эмес. Анын тамыры ошол тарыхтын ичинде жатат.
Чынында эле айтып коюшум керек, комплекс абдан мыкты курулуптур. Заманбап, ошол эле учурда Шекердин жерине, табиятына, айланадагы тоолоруна ушунчалык жарашыктуу салыныптыр. Баары өз ордунда тургандай сезилет.
Өзгөчө агамдын айкели мага аябай жакты. Анын турган жери да абдан туура тандалыптыр. Артындагы тоолор, өзгөчө Манас чокусу менен айкалышып, өзгөчө бир маанини берип турат.
Чыңгыз агам дүйнөнүн канча жерин кыдырды, канча элди көрдү. Бирок кайда жүрбөсүн кыргыздын рухун, Манастын туусун бийик көтөрүп жүрдү. Эми минтип өзүнүн туулган жеринде, өзүнүн тоолорунун арасында түбөлүккө орноду.
Ошол көрүнүштү карап туруп, агамдын чоң ааламы ушул Шекерден башталып, эми кайра өзүнүн башатына кайтып келгендей сезилди.
Ошол учурда, Садыр Нургожоевич, Сизге өзгөчө ыраазычылыгымды айткым келди.
Кыргызстанда канча жыл өттү, канча жетекчилер алмашты. Шекерде Чыңгызга, анын чыгармачылыгына жана ушул жердин тарыхына татыктуу чоң комплекс курулса экен деп көп жыл күттүк.
Бүгүн Сиздин демилгеңиз менен Шекерде заңгыраган «Айтматов ааламы» комплекси туруп калды. Мен ушул жашка келип, муну өз көзүм менен көргөнүмө абдан сүйүнөм.
Сиз менен жаңы ордодо сүйлөшүп отуруп дагы бир нерсени ойлодум.
Бүгүн Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жаңы жолдор салынып, эски жолдор оңдолуп, имараттар, өндүрүштүк жана энергетикалык объектилер курулууда. Ушуларды көргөн сайын атам Төрөкулду жана анын замандаштарын эстейм.
Алар да жаш Кыргызстандын пайдубалын түптөп, өлкөнү кантип өнүктүрөбүз, кантип жол салабыз, өнөр жайын, энергетикасын кантип көтөрөбүз деп аракет кылышкан. Атам Төрөкул да жаш кезинен мамлекеттик иштерге аралашып, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана башка кыргыздын чыгаан уулдары менен бирге мамлекетибиздин түптөлүшүнө кызмат кылган.
Бүгүн өлкөдө жүрүп жаткан иштерди көрүп, ичимен: «Замандар өзгөрөт экен, адамдар алмашат экен, бирок мамлекет куруу деген улуу иш муундан муунга улана берет экен», — деп ойлойм.
Садыр Нургожоевич, бүгүн Сиз ошол аталарыбыз баштаган мамлекет куруу ишин улантып жатасыз.
Ошол эле учурда Сиз мага дагы бир нерсени эске салдыңыз: мамлекет жол, имарат, завод менен гана курулбайт экен. Мамлекет өзүнүн тарыхын, эс-тутумун, маданиятын сактоо менен да курулат экен.
Сиз ушул ойду жүрөгүңүзгө жакын алып жүрөт экенсиз. Театрлар оңдолуп, маданий жайлар жаңыланып, жаңы кинолор тартылып, тарыхыбызга, улуу инсандарыбыздын мурасына кайрадан көңүл бурулуп жатканы да ошондон болсо керек.
Муну көргөндө мен өзгөчө сүйүнөм. Анткени жол менен имарат бүгүнкү күнгө кызмат кылса, тарых менен маданият келечек муунга калат.
Мен үчүн «Айтматов ааламы» да мына ушундай мааниге ээ. Бул жөн гана жаңы имарат эмес. Бул — өткөн менен бүгүнкүнү, ата-бабалар менен келечек муундарды байланыштырган көпүрө.
Эми бул жерге биздин балдарыбыз, неберелерибиз келет. Кыргызстандан гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да адамдар келет. Алар Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуп эле тим болбостон, анын чыгармалары жаралган жерди өз көздөрү менен көрүшөт. Толгонай баскан талааны көрүшөт, Дүйшөндүн мектебине көз жүгүртүшөт, Танабай менен Гүлсарынын дүйнөсүн элестетишет. Кыргыз жерин, кыргыз элин, анын тарыхын жана руханий дүйнөсүн жакындан тааныйт.
Ошондуктан мен «Айтматов ааламын» Чыңгыз агама гана көрсөтүлгөн урмат катары эмес, ата-бабаларыбыздын эмгегине, кыргыз элинин тарыхына, эс-тутумуна жана маданиятына көрсөтүлгөн урмат катары кабыл алдым.
Садыр Нургожоевич, көп жылдар бою күтүлгөн ушул ишти жүзөгө ашырып, Шекерде «Айтматов ааламын» куруп бергениңиз үчүн Сизге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.
Мен бул сөздөрдү Чыңгыз Айтматовдун карындашы катары гана эмес, Шекерде чоңойгон, ушул жерди өзүнүн киндик кан тамган жери деп эсептеген токсон жаштагы кыргыз кызы катары айтып жатам.
Шекер — биздин жерибиз. Шекер — биздин тамырыбыз. Ал эми Чыңгыз үчүн Шекер — бүт дүйнөгө тараган улуу ааламынын башаты.
Сөзүмдүн аягында сизге кааларым. Кудай Сизге ден соолук берсин. Ата-бабаларыбыздын күч-кубаты Сизге дем берсин. Элибизде тынчтык, жерибизде береке болсун.
Элибизге ак жол ачкан, Кыргызстаныбызга ак-жолтой Президент болуңуз!
Роза Айтматова, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, физика-математика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер



