Башкы беткеМинистрлер кабинетиҮч шаарда студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат

Үч шаарда студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн курула турган жатаканалар боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Министрликтен билдиргендей жыйында жатаканалардын долбоордук чечимдери, курулуш иштеринин жүрүшү, сапат талаптары жана белгиленген мөөнөттөр талкууланды.

Долбоорго ылайык, Ош шаарында 9 кабаттуу, 720 орундуу, Манас шаарында 9 кабаттуу, 740 орундуу жатакана курулат. Ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана салынат.

Министр объектилердин курулушун тез арада баштап, долбоордук чечимдерди так сактоо, имараттардын коопсуздугун жана сейсмотуруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо талап кылынды. Ошондой эле жооптуу тараптарга иштерди өз убагында уюштуруу, долбоордук талаптарды сактоо жана курулуштун сапатын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар