Башкы беткеСаясатЖогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев россиялык кесиптеши менен жолукту

Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев россиялык кесиптеши менен жолукту

Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын Жогорку сотторунун төрагалары жолугушту.
Биргелешкен жыйында башкы судья Медербек Сатыев кыргызстандык көптөгөн соттор россиялык жогорку окуу жайларынан билим алып, такшалып, россиялык кесиптештеринен тажрыйба топтогонун белгиледи.
“Бул байланыштар бүгүн дагы кызматташтыгыбызды бекемдеп турат. Биздин соттордун жолу бир, тажрыйбасы окшош. Бүгүн биз эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда маанилүү келишимге кол коюп жатабыз. Биз үчүн бул кагаз жүзүндө гана калып калбай, реалдуу пайда алып келген иш жүзүндөгү кадам болушу маанилүү”, — деди ал.
Ал эми анын россиялык кесиптеши Игорь Краснов эки тараптуу мамилелер көп жылдык достуктун жана өз ара сый-урматтын негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

“Бул сот тармагына да тиешелүү. Бүгүнкү келишим тажрыйба алмашып, окуу жагынан кызматташууга мыкты шарт түзөт. Сот биринчи кезекте коом үчүн кызмат кылышы керек болгондуктан, жаңы идеялар менен тынымсыз бөлүшүп турушубуз кажет”, — деди Краснов.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар