Башкы беткеДүйнөАфганистанда магнитудасы 5,2 баллдык жер титиреди

Афганистанда магнитудасы 5,2 баллдык жер титиреди

Афганистандын Гиндукуш тоолорунда магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:59да болгон.

Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу 50 чакырым тереңдикте жайгашкан. Эпицентр Кундуз шаарынан 70 чакырым түштүктө болгон. Кундуз шаарында болжол менен 161 миң адам жашайт.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.

Жер титирөөнүн силкинүүсү коңшу Өзбекстандын аймагында да сезилген. Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 2 балл болгон. Аймак эпицентрден болжол менен 180 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ташкент шаарына чейинки аралык 589 чакырымды түзгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар