Башкы беткеМаданият«Ак кемедеги» Нургазынын жана келечек муундун руханий жалгыздыгы

«Ак кемедеги» Нургазынын жана келечек муундун руханий жалгыздыгы

Келечек муунга туура багыт берүү, аларды улуттук аң-сезимге жана руханий баалуулуктарга тарбиялоо мамлекеттик деңгээлде өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Ушул максатта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2026-2027-жылдарга карата мамлекеттик социалдык буюрутмасынын алкагында «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» багытында Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасындагы баланын трагедиялуу образына кайрылабыз.

 

Кыргыз адабиятындагы каармандардын образы белгилүү эле бир доордун же чектелүү бир тагдырдын баяны менен бүтүп калбайт. Убакыт өткөн сайын алар жаңыча маани-маңызга ээ болуп, коомдогу социалдык жана моралдык кубулуштарга жараша окурмандын алдына адаттан тыш өңүттө кайрадан ачылат. Адабиятта айрым каармандар болот, аларды белгилүү бир тарыхый доордун гана көрүнүшү катары кароого мүмкүн эмес. Анткени алардын жүрөгүндөгү муңу, жан дүйнө жалгыздыгы жана рухтун жакырданышы адамзаттын бардык замандардагы адеп-ахлактык жана руханий көйгөйүн туюнтат. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Нургазы дал ушундай түбөлүктүү, убакыт менен мейкиндиктен чыгып кеткен образдык каармандардын катарын толуктайт.

Чыгарма жазылган замандан бери туура жарым кылым өттү. Бул аралыкта коомдук түзүлүш өзгөрдү, технология арыштап өнүгүп, адамзаттын турмуштук ыргагы таптакыр башка нукка бурулду. Бирок кандай гана заман болбосун, баланын мээримге, ата-энелик колдоого жана жан дүйнө жылуулугуна болгон терең муктаждыгы эч бир доордо өзгөрбөйт экен. Тескерисинче, бүгүнкү ааламдашуу доорунда бул руханий зарылдык мурдагыдан да курч жана трагедиялуу формага айланып бара жаткандай. Анткени массалык эмгек миграциясы миңдеген кыргыз үй-бүлөлөрүнүн күнүмдүк турмушуна кирип, ата-эне менен баланын ортосундагы аралыкты эле эмес, ортодогу руханий байланышты да солгундатып баратат. Материалдык жактан камсыз, курсагы ток, колунда акыркы үлгүдөгү смартфону бар бала өзүн толук кандуу бактылуу сезет деген үстүрт, тайкы түшүнүк коомго сиңип баратат. Бирок балага тышкы байлыктан да мурда ата-энесинин жанында болушу, анын ички толкундоосун уга билүүсү, кубанычы менен кайгысын тең бөлүшкөн жан дүйнө жакындыгы керек. Мына ушул өңүттөн алып караганда Нургазынын трагедиялуу тагдыры азыркы мигранттардын балдарынын ички дүйнөсү менен терең үндөшүп кетет.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасындагы Нургазы чоңдордун каардуу, кайдыгер жана эсепчил дүйнөсүнүн ортосунда жападан жалгыз калган таза рухтун символу. Ал жашаган чакан, туюк чөйрөдө мээрим тартыш, адамгерчилик сейрек. Анын ички дүйнөсүнө эң жакын, жалгыз таянычы Момун чоң атасы. Чоң атасы ага байыркы уламыштарды айтып, баланын аруу, тунук, кыял дүйнөсүн сырткы зомбулуктан коргоп калууга аракет кылат. Ошол эле учурда Нургазынын жашоосунда алыста жүргөн атасы тууралуу сагыныч менен кусалык өзгөчө орунду ээлейт. Бала үчүн ата анын таянар тоосу, калканчы, тарбиячысы, кайраттуулуктун үлгүсү жана дүйнөтаанымын ачкан бүтүндөй бир аалам.

Адам баласы, айрыкча аруу балалык чакта, чындыктын катаалдыгын түз кабыл алууга күчү жетпегенде, өзүнүн кыял дүйнөсүн куруп алат эмеспи. Нургазы да дал ошондой психологиялык коргонууну тандайт. Анын ааламдагы эң башкы таянычы ак кемеси. Ал кемеге тигилип карап жатып, алыстагы атасынын демин, жылуулугун сезгендей болот. Көлдүн ары жагындагы бейтааныш мейкиндикте, ошол ак кемеде өзүнүн жан дүйнөсүнө эң жакын адамы бар экенине көшөрүп ишенгиси келет. Бул ишеним баланын жалгыздыктын ызгаарынан коргонгон жеке, кол тийгис дүйнөсү.

Бүгүнкү күндүн реалдуулугунда да мындай иллюзиялуу «ак кемелер» миңдеп кездешет. Алардын айрымдары баланын титиреген колундагы телефондун экранынан орун алса, айрымдары күн сайын чыдамсыздык менен күтүлгөн видеочалууда, айрымдары чет өлкөдөн келген кооз пакеттеги оюнчукта, ал эми дагы бири ата-эненин «жакында, сөзсүз барам» деген бүтпөгөн убадаларында жашап келет. Ата-энеси чет жакта эмгектенип жүргөн бала үчүн алыстагы ата же эне бара-бара экрандын ары жагындагы виртуалдык образга айланат. Бала алардын жүзүн экрандан көрөт, үнүн угат, бирок анын кучагын сезип, жытын искей албайт. Туулган күнүндө жанында жок, мектеп босогосун биринчи ирет аттаганда кубанычын кошо тең бөлүшө албайт, ооруп калганда маңдайынан сылап, табын баса албайт.

Албетте, турмуштун оор шарттарынан улам бөтөн жерде жүргөн ата-энени дароо эле күнөөлөп чыгуу эң жеңил жагы. Бирок жашоонун социалдык сабагы мындан алда канча татаал жана каршылыктуу. Көпчүлүк ата-эне өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, перзентинин келечеги кең болсун деп, турак-жай куруу, окуу акысын төлөө, турмуштун кем-карчын толтуруу үчүн чет жакта жылдап мээнет кылат. Алардын ар бир кадам, ар бир эмгегинин артында балага болгон чексиз мээрими жатат. Бирок ал мээримдин эң негизги, калыбына келгис дагы бир философиялык өлчөмү бар. Ал баланын жанында болуусу, убакытты бирге өткөрүүсү.

Бала өзүнүн деңгээлинде ата-энесинин чет өлкөдө иштеп жүргөнүн түшүнүшү мүмкүн, бирок анын аң-сезимге баш ийбеген сезимтал жан дүйнөсү сагынычтын өкүтүн жеңе албайт. Айрыкча наристе чакта адам убакытты таптакыр башкача кабылдайт. Бир жылдык убакыт бала үчүн эбегейсиз узак убакытка барабар. Бүгүнкү балага «эртең» деген түшүнүктүн өзү эле жете алгыс алыстыктай сезилет. Ал эми «атаң же апаң бир нече жылдан кийин келет» деген чоңдордун адаттуу жүйөсү баланын ички дүйнөсүндө кандай терең, калыбына келгис психологиялык из калтырарын чоңдор дайыма эле баамдай беришпейт. Ошондуктан Нургазынын тагдыры бүгүнкү күндө ата-энелик мээримден алыстап калган ар бир баланын жан дүйнөсүн чагылдырган курч образ экендиги талашсыз. Ал образдан биз көркөм чыгарманын каарманын эле эмес, азыркы коомдун тирүү, сыздаган келечегин көрө алабыз.

Нургазынын жан дүйнөсүнүн жалгыздыгы анын бүткүл турмушундагы эң чоң трагедия. Ал жакындарынын арасында күн кечиргени менен, алардын менменсинген, эсепчил дүйнөсүнө эч качан сүңгүп кире албайт. Баланын ааламы тунук, ишенимдүү жана чексиз кыялга толгон дүйнө. Чоңдордун ааламы болсо пайда көрүү, бийлик жүргүзүү, ач көздүк, коркунуч жана кайдыгерликтин баткагына баткан. Нургазы ушул эки карама-каршы ааламдын ортосундагы майданда коргоосуз калат. Айтматовдун гениалдуулугу да дал ушунда, ал чоңдордун бузулган дүйнөсүн баланын тунук көз карашы, аруу кабыл алуусу аркылуу ачып берет. Окурман окуялардын өнүгүшүн Нургазынын аң-сезими аркылуу баштан кечиргенде, чоңдор үчүн кадимки, көнүмүш көрүнгөн моралдык бузулуулар баланын руханий дүйнөсү үчүн кандай оор, талкалоочу сокку экенин баамдайт.

Чыгармадагы Момун чалдын образы да өзгөчө, ал баланын аруу дүйнөсүн туюп-сезе билген, бирок социалдык чөйрөнүн, каардуу турмуштун кысымына туруштук бере албай, майышып калган алсыз адам. Ал Нургазыга Бугу эне жөнүндөгү уламышты аңыз кылып айтып берет. Бала ошол уламышка бүт дили менен ишенет. Бирок дал ошол аруу ишеним анын ички дүйнөсүн сырткы ыпластыктан сактап турган жалгыз калканга айланат. Ал эми чоңдор ошол ыйыктыкты өз пайдасы үчүн талкалаганда, бала үчүн бүтүндөй аалам кыйрайт. Бул уламыш аркылуу Айтматов кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, жаратылыш менен болгон ыйык гармониясын жана адам менен руханий башаттын ортосундагы үзүлбөс жипти чыңдайт.

Бугу эненин мифологиялык образы кыргыздын түпкү башатынын, табият менен бир бүтүндүктө жашаган улуттук дүйнөтаанымынын, руханий кол тийгистигинин символу. Бугуга болгон ыйык мамиле адамдын өзүнүн өткөн тарыхына, ата-бабасынын арбагына, туулуп өскөн жерине жана табиятка болгон мамилесинин негизги чен-өлчөмү. Ошондуктан Бугу энени атуу токойдогу жаныбарды өлтүрүү же браконьерлик кылуунун артында адамдын өзүнүн тарыхый эс-тутумуна, руханий тамырына жана ички адеп-ахлагына каршы жасалган эң чоң чыккынчылыгы жатат. Повесттеги трагедиянын негизги философиялык күчү да ушунда. Адам өзүнүн башатын унутканда, өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин аңдабай калганда, анын ички руханий дүйнөсү толугу менен урайт. Табиятка, ыйыктыкка жасалган зомбулук жоопсуз калбайт, ал сөзсүз түрдө адамдын өзүнүн моралдык жакырданышы катары кайтып келет. Бугу эненин трагедиясы аркылуу залкар жазуучу Ч.Айтматов адамдын айлана-чөйрө менен болгон экологиялык байланышын, өз тамыры, улуттук аң сезими менен болгон генетикалык байланышын терең талдоого алат. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда бул идеянын актуалдуулугу мурдагыдан да күчөп барат.

Азыркы дүйнө ачык, чек аралар шарттуу калды. Адамдар өлкөдөн өлкөгө эркин которулуп, билим алып, эмгектенип, жашоо ордун алмаштырууда. Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары да чет өлкөлөрдө эмгектенип, өз үй-бүлөлөрүн финансылык жактан камсыздап жатышат. Бул жагдайдын аркасында мигранттардын саны, которулган миллиондогон долларлар, ИДПга кошулган үлүш жана социалдык абалды оңдоо багытындагы экономикалык көрсөткүчтөр байма-бай айтылганы менен, миграциянын эч бир экономикалык формуласы менен математикалык эсебине сыйбаган терең маанилүү тарабы бар, ал кароосуз же алыста калган баланын жүрөгүндө пайда болгон, эч нерсе менен орду толгус эбегейсиз боштук.

Чет жакта жүргөн ата-эне үйүнө каражат жөнөтөт. Ал акчага турак-жай оңдолот, заманбап эмеректер сатылып алынат, бала кымбат кийим кийип, мектепке керектүү бардык буюмдар менен камсыздалат. Бирок ошол эле учурда баланын ичинде «атам качан келет?», «апам качан жанымда болот?» деген, жообу жок, жүрөк сыздаткан суроо жашап кала берет. Нургазынын да материалдык жетишсиздиктен эмес, руханий жалгыздыктан, жан дүйнө боштугунан жапа чеккенин ушул жерден терең түшүнүүгө болот. Балага турак-жайдан да, ысык үй-бүлө очогу керек. Балага сырткы кооз кийим эмес, ата-эненин мээрими керек. Баланы камсыздоо үчүн акча эле эмес, ата-энесинин алтынга алмашкыс убактысы керек. Балага телефон аркылуу айтылган «сени жакшы көрөм» деген кургак сөз эмес, ошол мээримди күнүмдүк турмушта жандуу сезүүсү зарыл.

Мына ушул өңүттөн алып караганда, «Ак кеме» повести бүгүнкү ата-энелерге да, жалпы коомго да биз балдарыбыздын курсагын тойгузуп, бирок алардын жан дүйнөсүн руханий жактан ач калтырып жаткан жокпузбу олуттуу суроо таштайт. Албетте, бул суроого бир жактуу, так жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени аргасыз миграцияга кеткен ата-энелердин басымдуу бөлүгү дал ошол балдарынын келечеги үчүн өз бактысын курмандыкка чалып жатышат. Бирок баланы чоң ата-чоң энеге же туугандарга калтыруу менен ата-энеликтин озуйпасын толук өткөрүп берүү мүмкүн эмес. Чоң ата менен чоң эне баланы канчалык эркелетип, мээримине бөлөбөсүн, алардын тарбиясы канчалык жугумдуу болбосун, бала үчүн ата менен эненин орду таптакыр башка. Нургазынын каарманы дал ушул жетишпеген ички таянычтын баасы канчалык кымбат экенин туйгузат.

Бүгүнкү күндө мигранттардын балдарынын арасында да ар кандай тагдырлар кездешип жатат. Айрымдары ата-энесинин жоктугун эрте аңдап, ички жоопкерчилигин ойготуп, билимге умтулуп, турмушта чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Айрымдары чоң ата-чоң энелеринин нарктуу тарбиясын алып, татыктуу инсан болуп калыптанууда. Бирок ошол эле учурда кээ бир балдар эмоционалдык жактан катуу жабыркап, өзүн бул дүйнөдө ашыкча сезип, ички боштугун туура эмес чөйрөлөрдөн же зыяндуу адаттардан издей башташы ыктымал. Бул жерде маселе миграциянын өзүндө гана эмес, ата-эне менен баланын ортосундагы руханий көпүрөнүн канчалык деңгээлде сакталып калганында. Айтматовдун чыгармасы бизге дал ушуну, тактап айтканда, баланын ички дүйнөсүнө кайдыгер кароо коомдун келечегине балта чабуу менен барабар эскертет.

Нургазынын алыстагы ак кемени зарыгып күтүшү баланын кыялы эле эмес, ал өзүнө жакын адамды, ички жылуулукту жана коргоону зарлап күтүүсү. Алыстагы атанын элеси бала үчүн бүтүндөй ааламга айланат. Ал эми ошол аалам талкаланганда, бала өзүнүн ички таянычын жоготот. Бул жагынан алганда чыгармадагы Ата концепциясы бүгүнкү күндө да өзгөчө социалдык-философиялык мааниге ээ. Атаны сагынуу, атага таянуу, дегеле кыргыз адабиятында жана дүйнөтаанымында терең тамыр алган түшүнүк. Кыргыз аң-сезиминде ата үй-бүлөнүн, бүтүндөй тукумдун, уруунун, тарыхый уланмалуулуктун тиреги. Атадан калган насаат, атадан калган жер, атадан калган нарк деген түшүнүктөр улуттук коддун ажырагыс бөлүгү. Ошондуктан Нургазынын атасын эңсөөсүндө жана балалык кусалыгында улуттук жана инсандык таянычын издеген муундун үнү жатат.

«Ак кемедеги» Бугу эне жөнүндөгү уламышты Момун чал балага айтып берүү менен, анын жан дүйнөсүнө кыргыздын байыркы, аруу түшүнүктөрүн үрөн катары себүүгө аракет кылат. Ал Нургазыга элдин тарыхын, Бугу эненин ыйык касиетин угузат. Бала ошол уламышка бүт дили менен ишенет, анткени наристе үчүн чындык менен жомоктун ортосундагы чек ара али ачыла элек. Бирок дал ошол аруу ишеним анын ички дүйнөсүн сырткы ыпластыктан сактап турган жалгыз калканга айланат. Ал эми чоңдор ошол ыйыктыкты өз пайдасы үчүн талкалаганда, бала үчүн бүтүндөй аалам кыйрайт.

Бул чыгармадагы образ азыркы заманбап коом үчүн да эң керектүү моралдык сабак. Биз балдарыбызга улуттук тарыхты, наркты, адеп-ахлакты сиңирип жатабызбы? Же аларды эбегейсиз чалкыган маалыматтык агымга кароосуз таштап койдукпу? Бала күнүгө сааттап телефон экранына тигилип, социалдык тармактардан ар кыл маалыматтарды кабылдап жатат. Бирок анын жанында кыргыздын бай тарыхын, ата-бабанын нарктуу жолун, жаратылышка болгон мамилесин айтып бере турган Момун чалдар барбы? Эгер биз балага өзүнүн улуттук тамырын үйрөтпөсөк, аны бөлөк баалуулуктар ээлеп алат. Эгер ата-эне баласы менен ишенимдүү сүйлөшпөсө, бала суроолоруна жоопту интернеттин күмөндүү бурчтарынан табат. Эгер үй-бүлөдө руханий жылуулук жетишпесе, бала аны сырттан издөөгө аргасыз болот.

 «Ак кеме» чыгармасындагы баланын трагедиялуу тагдыры, чоңдордун каардуу дүйнөсү баланын таза ааламын түшүнүүдөн баш тарткан учурда кандай руханий кыямат болорун көрсөткөн эскертүү. Ошол себептен бул чыгарма канча доор өтсө да окурмандын сезимин дүрбөлөңгө салып келет. Анткени Нургазынын муң аралашкан үнү мезгил өткөнүнө карабай, бүгүнкү күнгө чейин жетип турат. Балким, дал азыр да кайсы бир айылда же шаарда бир бала терезеден жол карап, чет өлкөдөгү атасын күтүп жаткандыр. Же дагы бир бала апасынын телефон чалуусун чыдамсыздык менен зарлап күтүп, дагы бири «атам качан келет?» деген суроону чоң энесине кайра-кайра берип аткандыр. Ал балдардын ар бири Нургазы эмес. Алардын жашоо шарты, чөйрөсү, келечеги таптакыр башка болгону менен алардын жүрөгүндөгү ата-энеге болгон кусалык, мээримге болгон чаңкоо дал ошол Нургазыныкындай экендиги чындык.

Чыңгыз Айтматов «Ак кеме» аркылуу бир баланын трагедиясын жазып отуруп, бүтүндөй коомдун, адамзаттын моралдык жоопкерчилиги жөнүндө улуу сөз айткан. Арадан канча заман өтсө да, бул сөздүн философиялык салмагы эч качан азайбайт. Тескерисинче, бүгүнкү миграция, үй-бүлөлүк баалуулуктардын бошоңдоосу, санариптешүү жана жаштардын дүйнөтаанымы өзгөрүп жаткан татаал доордо анын мааниси мурдагыдан да тереңдеп, жаңыча жаңырып турат. Анткени мезгил алмашат, социалдык шарттар өзгөрөт, бирок баланын ички дүйнөсүндөгү түбөлүктүү каалоо өзгөрбөйт, ал ата-энесин күтөт, мээримди каалайт, өзүнүн ким экенин билгиси келет жана өзүн коопсуз сезе турган жылуу ааламга муктаж. Ошол ааламды биз балдарыбызга тартуулай алсак, Нургазынын кайгылуу тагдырынан туура сабак алган болобуз. Эгер муну бере албасак, зарыгып күткөн баланын муңдуу көз карашы менен ак кеменин артынан сүзүп кеткен баланын тагдыры далайга чейин абийирибиздин кечирилгис өкүнүчүнө айланат…

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар