Мурда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн медициналык маалымкатты бир жума чогултууга, ири көлөмдөгү жүк ташууга уруксатты үч күн күтүүгө, ал эми жер тилкесинин категориясын өзгөртүүгө бир жылга жакын убакыт кетчү. Бүгүн «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында бул иштердин айрымдары бир нече саатта, кээ бирлери бир нече мүнөттө бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабарга” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, программа мамлекеттик кызматтарды жарандар жана ишкерлер үчүн тез, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылууга багытталган. «Өкмөттүк акселераторлор» Бириккен Араб Эмираттарынын тажрыйбасынын негизинде ишке киргизилип, конкреттүү көйгөйлөрдү 100 күндүн ичинде чечүүгө багытталган.
Программа 2023-жылдан бери ишке ашырылып, жалпы 26 реформа жүргүзүлгөн. Анын 24ү аяктап, экөө учурда ишке ашырылууда. Реформалардын алкагында мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсү күчөтүлүп, ашыкча документтер жана жол-жоболор кыскартылып, кызматтар санариптик форматка өткөрүлүүдө.
Касымалиевдин маалыматына караганда, реформалардын натыйжасында айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арызды онлайн берүүгө мүмкүн болуп, процедура 5–10 мүнөткө чейин кыскарган. Медициналык маалымкатты алуу мөөнөтү жети күндөн эки күнгө, майыптыгы бар адамдар үчүн медико-социалдык экспертизанын мөөнөтү 30 жумушчу күндөн беш күнгө кыскарган.
Бизнес үчүн да бир катар жол-жоболор жеңилдетилген. Жеке ишкерлердин салыктык кайра каттоосу онлайн форматка өткөрүлүп, жеке мектептерге лицензия алуу мөөнөтү төрт айдан 20 күнгө, медициналык жана фармацевтикалык ишмердикке лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарган.
Курулуш тармагында уруксат документтерин алуу мөөнөтү ири объекттер үчүн 180 күндөн 60 жумушчу күнгө, аянты 500 чарчы метрге чейинки объекттер үчүн 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскарган. Жер тилкесинин категориясын өзгөртүү боюнча жол-жобо бир жылдан үч айга чейин кыскартылган.
Транспорт тармагында да өзгөрүүлөр киргизилген. Ири жана оор жүк ташууга атайын уруксат алуу үч күндөн бир саатка чейин, Кытай менен эл аралык жүк ташууга уруксатты e-Permit системасы аркылуу алуу бир суткадан 10 мүнөткө чейин кыскарган.
Касымалиевдин айтымында, программанын негизги максаты — мамлекеттик системаны жаранга ыңгайлаштыруу. Анын белгилешинче, реформа мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн гана кыскартпастан, мамлекеттик органдардын иштөө ыкмасын да өзгөртүүгө багытталган.



