Адам сатуу курал жана баңгизат соодасынан кийинки эле эң кирешелүү трансулуттук кылмыш. Бүгүнкү күндө кулчулуктун тузагы интернеттеги жалган жумуш убадалары менен ого бетер татаалдашты. Ушундай жагдайда коомдогу аялуу катмарларды коргоо, өлкөдө ишке ашырылып жаткан алдын алуу чараларын чыңдоо жана бул коркунучту жеңүүдө коомдук аң-сезимди көтөрүү өзгөчө актуалдуу.
Адамзат тарыхынын кайсы гана доорун же өнүгүү баскычын албайлы, эркиндик, абийир, гуманизм жана адам өмүрүнүн наркы дайыма укуктук жана социалдык талкуулардын негизги өзөгүн түзүп келген. Тилекке каршы, илим менен техника өнүгүп, цивилизациянын туу чокусуна жеткен азыркы кылымда да адамдын эмгегин, денесин, эркиндигин, атүгүл өмүрүн сатуу жоюла элек. Бул көрүнүш бүткүл адамзаттын моралдык кризиси, адамдык наркты унутуунун жана өмүрдүн теңдешсиз баалуулугун төмөндөтүүнүн ачуу чындыгы.
Адам өмүрү эң жогорку баалуулук. Ал эч качан акчалай, экономикалык же материалдык баалуулуктар менен ченелбеши керек. Адамдын эркиндигин, тандоо укугун жана кадыр-баркын тартып алуу анын жарандык болмушун жок кылууга барабар. Бул кылмыш адамдын денесин эле эмес, анын рухун, абийирин, коомго болгон ишеничин жана келечекке болгон үмүтүн кыйратат. Коомдо материалдык байлык, экономикалык айласыздык адамдык кадыр-барктан жогору коюлганда, адам сатуу көмүскө күчөйт. Буга көбүнчө коомдогу эң аялуу катмарлар, тактап айтканда, жумушсуздар, мигранттар, социалдык жактан корголбогон аялдар менен балдар, жетимдер жана маалыматы жок жарандар кабылат.
Азыркы адам сатуу юридикалык көз карандылык, документтерди конфискациялоо, моралдык теракт, психологиялык коркутуулар жана карыздык тузакты түзүү менен классикалык кулчулуктан айырмаланат. Дүйнөлүк практикада адам сатуунун негизги үч багыты кеңири жайылган: эмгектик эксплуатация, сексуалдык эксплуатация жана адам органдарын сатуу. Андан тышкары, балдарды мажбурлап кайырчылыкка салуу, аскердик аракеттерге тартуу, мыйзамсыз асырап алуу же мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу формалары да кездешет.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) жана Walk Free фондунун биргелешкен глобалдык изилдөөлөрүнүн маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө 50 миллиондон ашык адам кулчулукта жашап келет. Бул көрсөткүчтүн ичинен 28 миллионго чукулу мажбурлап иштетүүгө, ал эми 22 миллиону мажбурлап никеге тургузууга туура келет. Жалпы курмандыктардын 70 пайызга жакынын аялдар жана кыздар түзөт. Ал эми эмгектик эксплуатациянын ичинде миллиондогон балдар бар. Бул коркунучтуу цифралардын артында талкаланган тагдырлар, зордук-зомбулукка кабылган адамдар, тебеленген укуктар жана адилетсиздикке кабылган жандар турат.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, заманбап кулчулук өнүгүп келе жаткан же жакыр өлкөлөрдүн гана көйгөйү эмес. Маселен, Азия, Африка жана Латын Америкасынан чыккан мигранттар Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүндөгү курулуш, айыл чарба, тигүү цехтеринде, балык уулоо өнөр жайында же үй кызматында мыйзамсыз камалып, паспорттору тартып алынып, минималдуу жашоо шарттарысыз, суткасына 16-18 сааттан ашык иштеп жатканы боюнча миңдеген фактылар катталган. Ошондой эле, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү атайын кибер-кылмыштуулукту жүргүзгөн жабык борборлордо он миңдеген чет элдик адистер калп жумуш убадалары менен чакырылып, кийин куралдуу кайтаруунун алдында онлайн-афераларды, финансылык шылуундуктарды жүргүзүүгө мажбурланышат.
БУУнун маалыматы боюнча, адам сатуудан түшкөн жылдык мыйзамсыз киреше жүздөгөн миллиард долларды түзөт. Адам сатуунун кесепеттери калыбына келгис мүнөзгө ээ. Анткени кулчулукка кабылган адамдын өзүнө болгон ишеними өчөт, өнөкөт коркунуч, зордук-зомбулук жана басмырлоо анын аң-сезимин талкалайт. Натыйжада, адам коомдук турмушка кайрадан активдүү катышуу, чечим кабыл алуу же өз укугун коргоо жөндөмүнөн ажырайт. Көпчүлүк курмандыктар куткарылгандан кийин да кадимки жашоого кайтып келе алышпай коомдон обочолонуп калышат. Ал эми оор эмгек, тамактануунун жоктугу, медициналык жардамдын берилбеши адамдын саламаттыгына доо кетирет.
Социалдык жана мамлекеттик деңгээлдеги кесепеттери да абдан терең. Адам сатуу кылмышы мамлекеттин мыйзамдуулугу менен укуктук системасын солгундатып, коррупцияны азыктандырат, анткени кылмыштуу топтор чек аралардан тоскоолдуксуз өтүү, туура эмес документтерди даярдоо же мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу үчүн укук коргоо жана чек ара органдарынын өкүлдөрүн парага сатууга умтулушат.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, бул глобалдык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө калкка агартуу иштерин жүргүзүү, массалык маалыматтык-түшүндүрүү чараларын уюштуруу жана коомдук аң-сезимди көтөрүү натыйжалуу жана стратегиялык маанилүү курал. Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде бул багытта комплекстүү, системалуу чаралар көрүлөт. Мисалы, Филиппин, Непал, Мексика же Чыгыш Европа өлкөлөрүндө чет өлкөгө жумушка кетип жаткан же чек арадан өтүп жаткан ар бир жаран үчүн милдеттүү түрдө коопсуздук тренингдери, маалыматтык кеңештер уюштурулат. Аларга барчу өлкөдөгү консулдуктардын, ишеним телефондорунун жана укук коргоо уюмдарынын байланыштары жазылган атайын карталар жана мобилдик тиркемелер таратылат.
Эл аралык укуктук чөйрөгө кайрылсак, адам сатууга каршы глобалдык күрөш бир топ бекем мыйзамдык базага таянат. Бул багытта эң негизги юридикалык документ болуп саналган БУУнун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясында “Адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана ал үчүн жазалоо жөнүндө” 2000-жылдагы Палермо протоколу кабыл алынган. Анда адам сатуунун алдын алуу багытында коомчулукту кабарлоо, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, тобокелдиктерди азайтуу; курмандыктарды коргоо багытында курмандыктарга баш калкалоочу жайларды, медициналык, юридикалык жана психологикалык жардамдарды көрсөтүү, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жана кылмышкерлерди жоопко тартуу багытында адам сатууну уюштургандарды, ортомчуларды жана андан пайда көргөндөрдү кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу, трансулуттук полициялык кызматташтыкты чыңдоо каралган.
Швецияда кабыл алынып, кийин бир катар Европа өлкөлөрүндө жайылган “Швед модели” сексуалдык эксплуатацияга каршы күрөштө революциялык кадам болгон. Бул кадамдын негизинде интимдик кызмат көрсөткөн аялдарды эмес, аларды саткандарды, ортомчуларды жана эң башкысы, бул кызматтарды сатып алган “кардарларды” кылмышкер деп табуу каралган. Анткени суроо-талап бар жерде дайыма сунуш жана эксплуатация пайда болот. Бул концепция суроо-талапты азайтуу аркылуу адам сатуунун тамырын кыркуу максатын көздөйт.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык процесстер жигердүү жүргөн өлкө катары адам сатуу коркунучуна кептелбеши үчүн мамлекеттик деңгээлде олуттуу укуктук жана институционалдык кадамдар жасалып, Казакстанда узак жылдар бою кулчулукта жүргөн 8 жаран менен Иракка, Сирияга кеткен 551 жаран (анын ичинде 399 өспүрүм, 2021-2026 жылдары) кайтарылды. Кыргызстан аталган Палермо протоколун ратификациялап, өзүнүн улуттук мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирди. өлкөдө “Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” атайын мыйзам кабыл алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексине адамдарды сатууга, мажбурлап иштетүүгө жана уюшкан кылмыштуу топтордун жоопкерчилигине тиешелүү катаал беренелер киргизилди.
Мамлекеттик саясатты эффективдүү ишке ашыруу максатында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына Ички иштер министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Чек ара кызматы жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилген. Кыргызстанда адам сатуунун курмандыктарын окшоштуруп табуу жана багыттоо боюнча Улуттук багыттоо механизми (УБМ) киргизилди. Бул механизм мамлекеттик органдар менен бейөкмөт уюмдардын биргелешип иштешин камсыз кылып, жабыр тарткан адамга укуктук, медициналык, социалдык жана психологикалык жардам көрсөтүүнү уюштурат.
Кыргызстанда маалыматтык-түшүндүрүү жана алдын алуу иштери комплекстүү түрдө жүргүзүлүүдө. Жыл сайын өлкө боюнча “Адам сатууга каршы 100 күн” сыяктуу улуттук кампаниялар уюштурулуп, бардык облустарда, райондордо, мектептерде жана жогорку окуу жайларында лекциялар, тренингдер, социалдык акциялар өткөрүлүп турат. Маалыматтык кампаниялар өзгөчө миграция агымы жогору болгон аймактарга, айыл жерине жана чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга багытталган. Чек арадан өтүү пункттарында, эл аралык аэропорттордо жана калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) коопсуз миграция, чет өлкөдө ишенимдүү жумуш табуу эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарда жардам сурай турган консулдуктар менен “111” сыяктуу ишеним телефондору тууралуу маалымат баракчалары таратылат. Ошондой эле, чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлүп, алардын лицензиялары текшерүүгө алынууда.
ªлкөдө адам сатуунун курмандыктары үчүн атайын кризистик борборлор жана баш калкалоочу жайлар иштейт. Бул борборлор чет өлкөдө же өлкө ичинде кулчулуктан куткарылган жарандарга реабилитациялык жардамдарды көрсөтөт, алардын коомго кайрадан адаптациялануусуна жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүүсүнө көмөктөшөт. Социалдык тармактар аркылуу да санариптик агартуу иштери жандантып, жаштарга интернеттеги жалган жумуш орундарынын белгилери, кибер-шылуундуктар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турушу зарылдык.
Социалдык тармактар, мессенджерлер жана жашыруун веб-сайттар кылмышкерлердин курмандыктарды издөө, азгыруу жана сатуу боюнча негизги куралына айланды. Жалган вакансиялар, “чет өлкөдө модель же адеми кызматкер болуу” сунуштары, акысыз окутуу же карызга билет алып берүү сыяктуу азгырыктар санариптик чөйрөдө жайылууда. Бул реалдуулук маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жаңы деңгээлде жүргүзүүнү талап кылат. Ошондуктан укук коргоо органдарынын жана өлкөнүн киберкоопсуздук кызматтарынын иши санариптик жана интернеттеги маалыматтарды анализдөөгө, адам өмүрүн сактоого багытталышы учурдун талабы.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



