Башкы беткеМаданиятЧүй облусунун 100 жылдыгына арналган айтышта баш байге 1 млн сом болду

Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган айтышта баш байге 1 млн сом болду

2026-жылдын 9-октябрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы өттү.

Маданият министрлигинин маалыматына карганда өнөр таймашына Кыргызстандан 12, Казакстандан эки акын катышып, төкмөлүк өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашты.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Мамбеттокто Мамбеторозо уулу жеңип, 1 миллион сом алды. Байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

I орун — Асылбек Маратов (200 миң сом);

II орун — Жылдызбек Төрөканов (150 миң сом);

III орун — Нурмат Мансур (100 миң сом).

Эл аралык айтыштын максаты — төкмөлүк өнөрдү даңазалоо, улуттук маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланышын чыңдоо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар