Башкы беткеДүйнөФранцияда киберчабуулдан улам жүздөгөн супермаркеттеги азык-түлүктөр бузулду

Францияда киберчабуулдан улам жүздөгөн супермаркеттеги азык-түлүктөр бузулду

Франциядагы бир нече ири соода түйүндөрүнүн муздаткыч жабдууларына жасалган киберчабуулдан улам азык-түлүктөр бузулуп, айрым дүкөндөрдө өрт чыккан. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Reuters агенттигине шилтеме берип жазды.

Киберкылмышкерлер муздаткыч жабдуулардын жөндөөлөрүн алыстан өзгөртүп, алардын ичиндеги температуранын 50 градуска чейин көтөрүлүшүнө себеп болушкан.

Чабуулдан Intermarché дүкөндөр тармагына ээлик кылган Les Mousquetaires компаниясынын 150гө жакын соода түйүнү жабыркаган. Компаниянын маалыматына ылайык, муздаткыч жабдуулар алты саат бою жогорку температурада иштеген.

Санитардык талаптарга байланыштуу компания муздаткычы бузулган жабдууларда сакталган азык-түлүктөрдүн баарын жок кылуу чечимин кабыл алган.

Coopérative U соода тармагынын жетекчиси Доминик Шельшер да бир катар дүкөндөрдүн муздаткыч жабдууларына киберчабуул жасалганын тастыктады. Ал окуяны жаңы азык-түлүктөрдү сактоо жана азык-түлүк менен камсыздоодо маанилүү болгон жабдууларга багытталган болуп көрбөгөндөй чабуул деп мүнөздөдү.

Париж прокуратурасы бир нече ири соода тармагынын муздаткычтарын башкаруу системаларына жасалган киберчабуул боюнча тергөө баштады. Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню Улуттук киберкоопсуздук агенттигине (ANSSI) окуяны иликтөөнү тапшырды.

Француз адистери чабуул башка өлкөлөргө да таасир эткен-этпегенин аныктоо үчүн европалык кесиптештери менен кызматташууда.

–  секторун өнүктүрүү жана айрым микрокредиттик компанияларга карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу укугун берүү маселелерин карап чыгуу, ошондой эле ислам каржылоосу жаатындагы айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, анын ичинде кайра каттоо үчүн жыйымдарды жана өзгөрүүсүз калган документтерди кайра тапшыруу талабын жоюу;

– мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөөнүн тобокелдикке негизделген бирдиктүү тутумуна (Smart Check) өтүүнү жана айрым соттук жол-жоболорду оптималдаштырууну камсыз кылуу.

Кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу мамлекеттик башкарууну мындан ары жакшыртууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга, ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар