Бир үйдө жашаса да, бири-биринен алыстаган үй-бүлөлөр, зомбулукка күбө болуп туруп унчукпаган адамдар жана социалдык тармактардан үлгү издеген өспүрүмдөр бүгүнкү коомдун олуттуу көйгөйү. Жаштардын аң-сезимин ким калыптандырууда: ата-энеби, мектеппи же интернетпи? Бул суроого жооп издөө келечек муундун эле эмес, бүтүндөй коомдун милдети.
Бүгүнкү коомдо бизди ойлондурган суроолор арбын. Эмне үчүн айрым өспүрүмдөр зомбулукту күчтүүлүктүн белгиси катары кабыл ала баштады? Эмне үчүн бир үйдө жашаган адамдар бири-бири менен сүйлөшкөнгө караганда телефон экранына көбүрөөк үңүлөт? Эмне үчүн кээде бирөөгө жасалган адилетсиздикти көрүп туруп, жардам берүүнүн ордуна унчукпай өтүп кетебиз? Бул суроолордун ар биринин түпкүрүндө адамдык мамиленин, тарбиянын жана коом алдындагы жоопкерчиликтин солгундашы жатат.
Коомдун келечеги бүгүн мектеп партасында отурган балдардын эле колунда эмес, ал баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөнүн, билим берип жаткан мугалимдин, маалыматтык аянтчаны түзгөндөрдүн жана кайсы чөйрөдө жашабасын коомдук жоопкерчиликти сезген ар бир жарандын колунда. Анткени бала коомдун ичиндеги мамилелерди көрөт, чоңдордун жүрүм-турумун байкайт, алардын сөзүнө эмес, көбүнчө иш-аракетине карап өзүнүн дүйнө таанымын калыптандырат. Ошондуктан «Жаштарды бүгүн ким тарбиялап жатат?» деген суроого бир гана «ата-эне» же «мектеп» деп жооп берүү жетишсиз. Бүгүнкү баланын аң-сезимине үй-бүлө, билим берүү мекемеси, достор чөйрөсү, көчө, интернет, социалдык тармактар жана жалпы коомдук чөйрө таасир этет. Маселе бул таасирлердин бар экендигинде эмес, алардын кайсынысы балага туура багыт берип, кайсынысы анын баалуулуктарын бузуп жатканында.
Материалдык камсыздоо тарбиянын ордун баса алабы?
Ар бир ата-эне баласына жакшы жашоо тартуулоону каалайт. Баласы курсагы ток, кийими бүтүн, билим алууга мүмкүнчүлүгү бар, заманбап технологиялардан кем калбаган адам болуп чоңоюшун көздөйт. Бул ата-энелик камкордуктун маанилүү бөлүгү. Бирок баланын материалдык муктаждыктарын камсыздоо менен анын ички дүйнөсүн калыптандыруу эки башка маселе экенин унутпашыбыз керек. Кээде ата-энелер баласынын бардык шарты бар экенин айтып, анын тарбиясындагы көйгөйлөрдү түшүнө албай кыйналышат. Бала жакшы мектепте окуйт, колунда кымбат телефон бар, каалаган нерсесин алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок ал өз сезимдерин ким менен бөлүшөт? Кыйынчылыкка туш болгондо кимге кайрылат? Ката кетиргенде аны угуп, түшүндүрүп бере турган адам барбы? Анын коркуусу, таарынычы, күмөнү жана жашоого байланыштуу суроолору үй-бүлөдө канчалык деңгээлде талкууланат?
Балага материалдык шарт түзүп берүү ата-эненин милдеттеринин бири. Бирок мээрим, көңүл буруу, ишеним жана туура багыт берүү да тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Баланын жанында болуу менен анын жашоосуна чындап аралашуунун ортосунда айырма бар. Кээде ата-эне баласы менен бир үйдө жашайт, бирок анын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билбейт. Мындай көрүнүштү ата-энелердин баарына бирдей тиешелүү деп айтууга болбойт. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын келечеги үчүн талыкпай эмгектенишет. Айрымдары үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн узак убакыт иштеп, балдарына жетиштүү көңүл бурууга мүмкүнчүлүк таппай калышат. Башкалары тарбияны мектептин же мугалимдин милдети катары кабыл алышы мүмкүн. Ошентсе да, баланын жан дүйнөсүнө көңүл буруу үй-бүлөдөгү эң маанилүү жоопкерчиликтердин бири бойдон калат.
Билим менен тарбиялоодогу мектептин ролу
Мектеп коомдун келечегин калыптандыруучу негизги институттардын бири. Ал балдарга билим берип гана тим болбостон, алардын башкалар менен мамиле түзүүсүнө, жоопкерчиликти түшүнүүсүнө жана коомдук эрежелерди өздөштүрүшүнө шарт түзөт. Бирок мектеп бардык тарбиялык милдетти жалгыз аткара албайт. Мугалим окуучуга сабак берет, анын билим алуусуна багыт көрсөтөт, жүрүм-турумуна байланыштуу эскертүү жасайт. Бирок бир мугалимдин алдында ондогон окуучу отурганда, алардын ар биринин үй-бүлөлүк жагдайын, психологиялык абалын жана жеке көйгөйлөрүн толук билүү оңой эмес. Ошондуктан баланын тарбиясы үй-бүлө менен мектептин өз ара кызматташуусуна негизделиши керек.
ªзгөчө буллинг, мазактоо, коркутуу жана топ болуп бирөөгө кысым көрсөтүү сыяктуу көрүнүштөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Кээде мындай аракеттерди балдардын ортосундагы кадимки чыр катары кабыл алып, олуттуу чара көрүү кечеңдейт. Бирок бир окуучуну дайыма шылдыңдоо, кемсинтүү же башкалардын алдында басынтуу анын психологиялык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ал эми топ болуп жасалган зомбулук жабырлануучунун коргонуу мүмкүнчүлүгүн дагы чектейт. Мындай учурларда «балдар өздөрү чечишсин» деген мамиле туура эмес. Мектеп ар бир окуучунун коопсуздугун камсыз кылууга, зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү олуттуу кароого жана жабыркаган балага жардам берүүгө тийиш. Ошол эле учурда зомбулук көрсөткөн өспүрүмдүн аракетине жоопкерчиликтүү баа берип, мындай жүрүм-турумдун кайталанышына жол бербөө зарыл.
Мектепте адеп-ахлактык тарбия, санариптик сабаттуулук, пикир келишпестикти тынч жол менен чечүү, өз эмоцияларын башкаруу жана башка адамдын абалын түшүнүү жөндөмдөрү да калыптандырылышы керек. Анткени билимдүү болуу менен адамгерчиликтүү болуу бири-бирине каршы түшүнүктөр эмес. Чыныгы билим адамдын өзүнө да, айланасындагыларга да жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна өбөлгө түзүшү керек.
Көчө жана социалдык тармактар
Мурда баланын күнүмдүк жашоосунда үй-бүлө, мектеп, кошуна-колоң жана көчөдөгү достор чөйрөсү олуттуу орун ээлесе, бүгүн бул чөйрөгө интернет кошулду. Азыр бала өз бөлмөсүндө отуруп эле дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген маалыматтарды көрө алат. Ал пайдалуу билимдерди өздөштүрүп, чыгармачылыгын өнүктүрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү таба алат. Бирок ошол эле учурда агрессияны даңазалаган видеолорго, адамды кемсинткен мазмунга, жалган маалыматтарга жана зыяндуу жүрүм-турумду кадимки көрүнүш катары көрсөткөн материалдарга туш болушу мүмкүн. Маселе интернеттин өзүндө эмес, аны кандай максатта жана кандай деңгээлде пайдаланууда.
Көчө тарбиясы тууралуу сөз болгондо да бир нерсени тактап алуу керек. Көчөдө достор менен ойноо, спорт менен машыгуу, теңтуштар менен пикир алышуу өзүнөн өзү терс көрүнүш эмес. Тескерисинче, баланын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Көйгөй баланын жүрүм-турумун көзөмөлсүз калган чөйрө, терс үлгүлөр жана жоопкерчиликсиз мамилелер калыптандырганда жаралат. Демек, баланы көчөдөн же интернеттен жөн гана алыстатуу жетишсиз. Анын убактысын пайдалуу ишке багыттап, спортко, чыгармачылыкка, китеп окууга, коомдук иштерге жана сапаттуу баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүү керек. Бош убакыттын мазмуну да тарбиянын маанилүү бөлүгү.
Бир үйдө жашап, бири-биринен алыстаган үй-бүлө
Азыркы турмуштун дагы бир өзгөчөлүгү адамдардын ортосундагы байланыш көбөйгөнү менен, жандуу баарлашууга бөлүнгөн убакыттын азайышы. ¯й-бүлө мүчөлөрү бир дасторкондо отурушу мүмкүн, бирок ар кимиси өзүнүн телефонун карап, башка дүйнөгө сүңгүп кеткен учурлар кездешет. Алар бири-биринин жанында болгону менен, көңүлү башка жакта. Телефон адамды алыстагы жакындары менен байланыштырууга, маалымат алууга жана жумушун бүтүрүүгө жардам берет. Бирок технология үй-бүлөлүк мамилелердин ордун толук баса албайт. Баланын суроосуна көңүл буруу, анын сөзүн бөлбөй угуу, бирге тамактануу учурунда күн ичинде болгон окуяларды талкуулоо, мунун баары мамилени бекемдеген жөнөкөй, бирок маанилүү аракеттер.
¯й-бүлөдөгү баарлашуунун азайышынын себептери ар түрдүү. Ата-энелердин жумуштагы түйшүгү, экономикалык кыйынчылыктар, убакыттын тартыштыгы жана технологияны көзөмөлсүз пайдалануу буга таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан маселени бир гана телефонго жүктөп коюу жетишсиз. ¯й-бүлөнүн күнүмдүк жашоосунда бири-бирине убакыт бөлүүгө шарт түзүү маанилүү.
¯й-бүлө мүчөлөрү тамактануу маалында телефондорун четке коюуну адатка айландырса, жумасына бир нече жолу чогуу сейилдеп же жөн гана күндөгү окуяларды талкууласа, бул жакындыкты чыңдоого жардам берет. Бала үйдө өзүн коопсуз сезиши керек. Ал ката кетиргенде дароо жемеге калуудан коркпой, көйгөйүн ачык айта алса, ата-энеси менен болгон ишенимдүү байланыш бекемделет. Адамдын жашоосунда материалдык байлык маанилүү, бирок ал үй-бүлөдөгү мээримдин ордун баса албайт.
Зомбулукту көрүп туруп, унчукпаган кайдыгерлик
Коомдогу дагы бир олуттуу маселе – кайдыгерлик. Кээде адам адилетсиздикке, кемсинтүүгө же зомбулукка күбө болгондо, «бул менин ишим эмес», «башыма балээ үйүлбөсүн» же «өздөрү чечишсин» деп четте калууну туура көрөт. Мындай мамиленин артында коркуу, ишенбөөчүлүк же өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсыздануу турушу мүмкүн. Ошондуктан ар бир унчукпай калган адамды эле таш боор деп айыптоо туура эмес.
Айрым жагдайларда зомбулукка түз кийлигишүү адамдын өзүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Бирок жардам берүү сөзсүз түрдө жаңжалдын ортосуна кирип, күч колдонгон адам менен кармашуу дегенди билдирбейт. Коопсуз жерден жардам чакыруу, тиешелүү кызматтарга кабарлоо, жабырлануучуну колдоо же окуяны жооптуу адамдарга билдирүү маанилүү. Айрыкча өспүрүмдөр арасындагы топтук зомбулукта күбөлөрдүн позициясы чоң мааниге ээ. Кээде балдар жабырлануучуга жардам берүүдөн коркуп, окуяны сырттан карап турушат. Башкалары болсо аны телефонго тартып, видеону социалдык тармактарга жарыялашат. Мындай учурда зомбулукту көрүү үчүн чогулган топ аны токтотуунун ордуна, кээде анын жайылышына шарт түзөт.
Кайдыгерлик үй-бүлөдө да, мектепте да, коомдук жайларда да ар кандай формада көрүнүшү мүмкүн. Баланын жүрүм-турумундагы кооптуу өзгөрүүлөргө көңүл бурбоо, зомбулук тууралуу билдирүүнү олуттуу кабыл албоо, бирөөнүн кадыр-баркы тебеленип жатканда аны шылдыңга айлантуу булардын баары көйгөйдү тереңдетиши мүмкүн. Коомдо ар бир адам жардам сурай турган ишенимдүү механизмдердин болушу, мектептерде жана коомдук мекемелерде зомбулукка каршы так эрежелер иштеши жана жабырлануучунун укуктары корголушу керек. Кайрымдуулук жана боорукерлик жеке адамдык сапат катары коомдук чөйрөдө колдоого алынган баалуулукка айланганда гана натыйжасы болот.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



