Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы 2026-жылдын 1-декабрынан тартып 10 миң сомго көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Айлык акынын өлчөмү кызматкердин ээлеген кызмат ордуна, атайын наамына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша жогорулайт. Ал эми кызматка жаңыдан кирген кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 миң сомго көбөйөт.
Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиясы да жогорулатылып, 10 миң сомго чейин жеткирилет.
Ошол эле учурда айлык акынын курамындагы үстөк акылар кыскартылат.



