Башкы беткеПрезидентБишкекте 1104 үй-бүлө батирлүү болду

Бишкекте 1104 үй-бүлө батирлүү болду

Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинен 1104 үй-бүлө батирлүү болду. Батирлерди тапшыруу аземине Президент Садыр Жапаров катышты.
Маликов көчөсүндө жайгашкан турак жай комплекси 24 кабаттуу имараттардан жана 8 блоктон турат.
Мындан тышкары, Бегматов көчөсүндөгү бир блоктон турган 15 кабаттуу турак жайдан 105 батир ээлерине аралыктан тапшырылды.
Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат. 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар