Башкы беткеМаданиятТ. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 90 жылдык концерттик сезонун ачты

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 90 жылдык концерттик сезонун ачты

Күн мурун, 19-октябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында филармониянын 90 жылдык концерттик сезонунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, концерттик программа Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри тарабынан даярдалып, «Майрам шаңы» аттуу концерт тартууланды.
Концерттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл артисттери жана таланттуу ырчылар өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Музыкалык чыгармалар аркылуу кыргыз элинин бай музыкалык мурасы, улуттук обондордун өзгөчөлүгү жана элдик аспаптардын кайталангыс үнү даңазаланды.
Маданий иш-чара улуттук музыкалык өнөрдү өнүктүрүүгө, маданий баалуулуктарды сактоого жана аларды кийинки муундарга жеткирүүгө багытталды.
Филармониянын 90 жылдык концерттик сезонунун ачылышы кыргыз музыкалык маданиятынын бай тарыхын жана чыгармачылык салттарын даңазалаган маанилүү окуялардын бири болду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар