Башкы беткеКоомКыргызстанда жаңы авиакомпанияларды ачууга уруксат берилди

Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды ачууга уруксат берилди

Кыргызстанда авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул чечим жаңы авиакомпанияларды түзүүгө жана ички, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө жол ачат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, мораторий 2024-жылы учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана авиация тармагын реформалоо максатында киргизилген.

Бул мезгилде улуттук авиация системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылган.

Мораторийдин алынышы авиация тармагына инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да шарт түзөт.

Ошол эле учурда жаңы авиакомпаниялар сертификат алуу үчүн толук текшерүүдөн өтүп, Кыргызстандын авиациялык эрежелерине жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп бериши керек. Учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл мурдагыдай эле улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар