Самарканда АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген “С5+1” форматында 19-октябрда жолугушуусу өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен кездешти. Америкалык башкы дипломат Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулады. Сүйлөшүүлөрдө соода, инвестиция, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык негизги темалардан болмокчу.
Борбор Азия эзелтеден стратегиялык мааниге ээ, энергетикалык жана минералдык ресурстарга бай аймак. Демек АКШ Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө да көңүл бурууга муктаж.
Вашингтон үчүн аймак менен мамилелерди чыңдоо ири державалар менен алакаларында тең салмактуулукту сактоого аракет кылган өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Рубио Вашингтондон чыгар алдында журналисттерге Борбор Азия менен мамилени чыңдоо АКШ үчүн маанилүү экенин айткан эле.
Самарканд декларациясы кабыл алынды. Министрлер кол койгон документтин өзөгүн экономика, транспорт, энергетика, стратегиялык минералдар жана коопсуздук тармактарындагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүү пландары түзөт.
АКШ менен Борбор Азиянын туруктуу өнөктөштүгү. Тараптар эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана көз карандысыздыкты урматтоого негизделген кызматташтыкты улантарын белгилешти.
Транспорт жана санариптик байланыштарды чыңдоо. Транскаспий коридорун өнүктүрүү, жаңы логистикалык багыттарды түзүү жана билим берүү, англис тилин окутуу аркылуу элдер ортосундагы байланыштарды кеңейтүнүү макулдашты.
Борбор Азияны дүйнөлүк экономиканын маанилүү бөлүгүнө айлантуу. Тараптар өз ара сооданы жана инвестицияларды көбөйтүүгө, аймактагы сооданы өнүктүрүүгө жана америкалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Энергетика жана стратегиялык минералдар. АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрү энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, сейрек кездешүүчү жана стратегиялык кен байлыктарды казуу жана кайра иштетүү боюнча кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин жарыялашты.
Коопсуздук жаатындагы кызматташтык. Терроризмге каршы күрөшүү, чек аралардагы коопсуздукту бекемдөө, адам аткезчилигине, баңгизат жана курал-жарак аткезчилигине каршы аракеттерди күчөтүү белгиленди. Ошондой эле киберкоопсуздук өзүнчө багыт катары көрсөтүлдү.
Өзөктүк коопсуздук. Тараптар өзөктүк материалдардын коопсуздугу жана атомдук энергияны тынч максатта пайдалануу боюнча кызматташууну тереңдетүүнү макулдашты.
Маданий жана билим берүү байланыштары. Тарыхый мурастарды коргоо, туризмди өнүктүрүү, маданий жана билим берүү багытында кызматташтыкты өөрчүтүү тууралуу айтылды.



