22-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.
Мааракенин максаты — «Манас» эпосун даңазалоо, манасчынын өмүрү менен чыгармачылыгын эскерүү жана анын руханий мурасын кийинки муундарга жеткирүү.
Мамбет Чокморов кыргыз элинин улуу эпосун эл арасында жайылткан залкар манасчылардын бири катары белгилүү.
Салтанаттуу иш-чара 22-октябрда саат 09:00дө башталат. Ал Бөкөнбаев айылында өтөт.



