Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) табигый кырсыктар учурунда жабыркаган калкка жардам көрсөтүү үчүн 5 миң даана жеке азык-түлүк топтому тапшырылды. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды.
Ар бир азык-түлүк топтому жергиликтүү өндүрүштөгү азык-түлүктөрдөн түзүлүп, бир адамдын 10 күнгө чейинки керектөөсүн камсыздоого эсептелген. Топтомдор ӨКМдин кампаларында сакталып, өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жарандарга, анын ичинде алыскы жана тоолуу аймактардын тургундарына ыкчам жеткирилет.
Долбоордун алкагында Ош шаарындагы жана Чүй облусунун Садовое айылындагы ӨКМге караштуу эки кампа оңдолуп, заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери азык-түлүктү сактоо, сатып алуу жана бөлүштүрүү боюнча атайын окуудан өтүштү.
Келерки жылы дагы 1 миң 700 азык-түлүк топтомун даярдоо пландалууда.
Бул демилге 2025-жылы башталган пилоттук долбоордун уландысы болуп саналат. Анын алкагында азык-түлүк топтомдорунун курамы, таңгакталышы, кампаларга жайгаштырылышы жана бөлүштүрүү тартиби сыноодон өткөрүлгөн.
Долбоордун негизги максаты — өзгөчө кырдаал учурунда жолдор жабылып же айрым аймактардын тышкы байланыштары үзгүлтүккө учураганда, жабыркаган калкка азык-түлүк жардамын мүмкүн болушунча тез жеткирүү.
Маалыматка ылайык, Швейцария өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы 2023–2027-жылдарга карата стратегиялык планын ишке ашырууга жалпысынан 9,5 миллион АКШ долларын бөлгөн.



