23-октябрда Бишкектин айрым аймактарында саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар бийлиги билдирди.
«Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, чектөө Айни, Жунусалиев, Гагарин, Абдраимов көчөлөрүнүн жана Чыңгыз Айтматов проспектинин чегиндеги турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка объектилерге тиешелүү.
Суу берүү диаметри 400 миллиметр болгон суу түтүгүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу токтотулат.
Ишкана тургундарды жана мекемелерди алдын ала суу камдап алууга чакырып, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү «Мой город» тиркемеси аркылуу да алууга болот.



