Башкы беткеКоом1-январдан тарта жөлөкпулдар жана айрым пенсиялык төлөмдөр көбөйөт

1-январдан тарта жөлөкпулдар жана айрым пенсиялык төлөмдөр көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөкпулдардын, пенсияларга кошулуучу үстөк акылардын жана акчалай компенсациялардын бир катар түрлөрү көбөйөт. Төлөмдөрдүн жаңы өлчөмдөрү президент Садыр Жапаровдун жарлыгында каралганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Өзгөртүүлөр майыптыгы бар балдарга, майыптыгы бар жарандарга, ата-энесинен жана багуучусунан ажыраган балдарга, «Баатыр эне» наамынын ээлерине, согуштун катышуучуларына жана башка жеңилдетилген категориядагы жарандарга тиешелүү болот.

Майыптыгы бар балдарга төлөнүүчү жөлөкпул 11 миң сомго жетет

Балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен ооруган жана 18 жашка чейинки башка майыптыгы бар балдарга берилүүчү ай сайынкы жөлөкпул 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт. ВИЧ же СПИД менен жашаган балдарга, ошондой эле ВИЧ же СПИД менен жашаган энелерден төрөлгөн балдарга берилүүчү төлөмдөр да ушундай өлчөмгө жеткирилет.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга төлөнүүчү жөлөкпул 6 миң сомдон 8 миң сомго, ал эми багуучусунан айрылгандыгы үчүн берилүүчү төлөм 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт.

Майыптыгы бар жарандардын жөлөкпулдары да өзгөрөт

Бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар үчүн ай сайынкы жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленет:

  • I топ — 11 миң сом;
  • II топ — 9 миң 600 сом;
  • III топ — 8 миң 400 сом.

Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү жөлөкпулдар да көбөйөт. I топтогулар 8 миң 500 сом, II топтогулар 6 миң сом, III топтогулар 5 миң сом алышат.

«Баатыр эне» наамынын ээлерине төлөм көбөйөт

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу ай сайынкы үстөк акы 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ал эми 55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок «Баатыр эне» наамынын ээлерине берилүүчү социалдык жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

Пенсия алууга укугу жок, бийик тоолуу аймактарда жашаган улгайган жарандар үчүн төлөм 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин жогорулайт.

Согуштун катышуучуларына жана башка категорияларга компенсациялар көбөйөт

Жөлөкпулдар менен компенсациялардын жаңы өлчөмдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, интернационалист-жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, реабилитацияланган жарандарга, ардактуу донорлорго жана башка жеңилдиктерге укуктуу адамдарга да тиешелүү болот.

Атап айтканда:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү компенсация 10 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт;
  • согуштук аракеттерге катышкан интернационалист-жоокерлердин төлөмү 8 миң сомдон 9 миң сомго чейин жогорулайт;
  • ардактуу донорлорго берилүүчү төлөм эки эсеге көбөйүп, 2 миң сомду түзөт;
  • угуу жана көрүү жөндөмүнөн майыптыгы бар адамдарга берилүүчү ай сайынкы компенсациялар 2 миң сомго чейин жеткирилет.

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар үчүн пенсияга кошумча ай сайын 1 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөө каралган.

Ошондой эле Баткен жана Ош облустарындагы окуялардан, 2002-жылдагы Аксы окуясынан, 2010-жылдын апрель–июнь айларындагы окуялардан жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү каражаттар да көбөйтүлөт.

Айрым аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулайт

2027-жылдын 1-январынан тарта мөөнөттүү аскердик кызматтын катардагы жоокерлери жана матросторунун арасындагы майыптыгы бар аскер кызматкерлерине белгиленген минималдуу пенсия 12 миң 300 сомду түзөт.

Мындан тышкары, I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 9 миң 500 сомго, III топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы 5 миң сомго жеткирилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, жогорулатылган төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Жаңы өлчөмдөр 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар