Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу 80% аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, стадионду жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
10 гектар аянтты ээлеген спорттук комплексте негизги футбол аренасынан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана 100 орундуу жатакана курулууда. Ошондой эле 200 унаага ылайыкталган токтотуучу жай каралган.
Стадион президенттин 2024–2034-жылдары футболду өнүктүрүү боюнча жарлыгынын алкагында салынууда. Объект ишке берилгенден кийин Баткенде облустук жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.



