Кыргызстанда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууда негизги басым курулуш материалдарын чыгарууга жасалууда. Бул тармакта кыш, цемент, бетон, темир-бетон буюмдары, асфальт, айнек пакеттер жана башка продукцияларды өндүргөн ишканалар ишке киргизилип жатат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы пайдаланууга берилген 119 өндүрүш объектисинин 42си курулуш материалдарын чыгарууга багытталган. Ошондой эле тамак-аш азыктарын кайра иштетүү боюнча 18, энергетика тармагында 14, жеңил өнөр жайда 10 жана тоо-кен тармагында тогуз объект ишке киргизилген. Мындан тышкары, химиялык жана фармацевтикалык продукцияларды чыгарган ишканалар да ачылган.
2026-жылга карата пландарда да курулуш материалдарын өндүрүү негизги орунду ээлейт. Бул багытта 43 долбоорду ишке ашыруу каралган. Тамак-аш азыктарын кайра иштетүү тармагында 16, жеңил өнөр жайда жети долбоор пландалган. Машина куруу жана фармацевтика тармактарында бирден долбоор бар. Энергетика, тоо-кен жана башка багыттардагы өндүрүш объекттери да жылдык планга киргизилген.
Аймактарда өндүрүштүн ар кандай багыттары өнүгүп жатат. Талас облусунда асфальт-бетон өндүрүшү, Ош облусунда кыш заводдору, Чүй облусунда бетон, айнек пакеттерди жана алюминий конструкцияларын чыгарган ишканалар ачылууда.
Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул дыйкан-фермерлердин түшүмүн сатып алып, кайра иштетүүгө жана даяр продукция түрүндө рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Өнөр жайды өнүктүрүүдө энергетикалык долбоорлор да маанилүү орунду ээлейт. Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү электр энергиясына болгон суроо-талапты көбөйткөндүктөн, жаңы гидроэлектр станцияларын (ГЭС) жана күн электр станцияларын куруу зарылчылыгы жаралууда.
Жаңы өндүрүштөрдү аймактардын өзгөчөлүктөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштыруу, жергиликтүү чийки затты пайдалануу жана даяр продукция чыгаруу аркылуу кошумча киреше булактарын түзүү көздөлүүдө. Мындай долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоорлор жаңы ишканаларды куруу менен гана чектелбестен, иштеп жаткан өндүрүштөрдү кеңейтүүнү, модернизациялоону жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү да камтыйт.



