Чүй облустук төрөт үйүнүн имаратын капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда негизги иштер дээрлик бүткөрүлүп, палаталарга линолеум төшөө гана калды.
Мындан тышкары, төрөт үйүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, короосуна асфальт төшөлдү. Инженердик иштердин алкагында от казанды газ магистралына туташтыруу калды.
Оңдоо иштери толук аяктагандан кийин төрөт үйү жаңыланган шартта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бул энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына караганда, төрөт үйүнүн имаратына толук көчүп кирүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин



