Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды

Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн балага 22,1 учурду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга аз.

Министрлик энелердин өлүмүнүн ар бир учурунун себептерин жана жагдайларын талдоо мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн зарыл чараларды аныктоого жардам берерин белгиледи.

Ошондой эле энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу жана үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 млн сом бөлүүнү караштырууда. Алар социалдык жактан аялуу топторго кирген аялдарга да жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында айрым контрацепция каражаттарын жеңилдетилген баада алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилген.

Министрлик кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийин аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга, тобокелдик факторлорун эрте аныктоого жана калктын репродуктивдик ден соолук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга басым жасоодо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар