Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы транспорттук тыгындарды азайтуу үчүн жаңы технологияларды изилдеп, монорелстүү асма метро куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын Сиань шаарындагы BYD ишканасына болгон сапардын жүрүшүндө шаардын транспорттук инфраструктурасы менен таанышып, Бишкектеги транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө заманбап технологияларды колдонуу зарылдыгына көңүл бурулган.

Төрөбаев монорелстүү асма метро шаардагы тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөрдү тез жана ыңгайлуу жеткирүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, жолдордон өзүнчө багытта жүргөн мындай транспорт системасы көп жүргүнчү ташууга жана экологиялык жактан таза шаардык транспортту өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле ал BYD компаниясынын адистерин Бишкекке келип, шаардын негизги транспорттук багыттарын жеринен көрүп чыгууга чакырганын билдирди. Адистерден долбоордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, экономикалык натыйжалуулугун жана шаар үчүн пайдалуулугун талдап, эксперттик корутунду даярдап берүү өтүнүлгөн.
«Негизги максат — жөн гана жаңы транспорт жолун куруу эмес, Бишкекти жашоого ыңгайлуу шаарга айландыруу. Шаардын өнүгүүсү адамдардын убактысын канчалык үнөмдөп, жашоосун канчалык жеңилдеткени менен өлчөнөт», — деген мааниде Төрөбаев келечекке багытталган, илимий негизделген жана экономикалык жактан натыйжалуу чечимдерди изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын пикиринде, келечектүү транспорттук долбоорлорду ар тараптуу изилдеп, аларды ишке ашырууга даярдыкты бүгүнтөн баштоо зарыл.




