Кыргызстандын аймактарындагы 25 мектеп жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул үчүн билим берүү мекемелерине Starlink терминалдары акысыз тапшырылды.
Жабдууларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Демилге өлкөдө санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана алыскы аймактардагы социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтары менен камсыздоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда спутниктик интернетти киргизүү боюнча пилоттук долбоор 2025-жылы башталган. Анын жыйынтыгында спутниктик байланыш технологияларын туруктуу негизде колдонууга шарт түзгөн тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган.
Улан Маматкановдун айтымында, санариптик теңсиздикти кыскартуу жана бардык окуучуларга сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири.
«Интернетке жеткиликтүүлүк — бул билимге, жаңы технологияларга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүк», — деп белгиледи ал.
Министрлер Кабинети мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтарына туташтыруу иштерин улантат. Бул багытта интернет жеткиликтүүлүгү чектелген алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.
Демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин колдоосу менен ишке ашырылып жатканы белгиленди.



