Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2026–2027-жылдарга карата мамлекеттик социалдык буйрутмасынын алкагында даярдалган бул макалада Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Ильяс менен Аселдин образдары аркылуу сүйүүнүн бийиктиги, ишеним жана үй-бүлөлүк жоопкерчилик маселелери талданат жана каармандардын тагдыры аркылуу азыркы жаштарга берилген тарбиялык сабактарга кайрылабыз.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кайсы мезгилде окулбасын, адамдын жан дүйнөсүнө терең үңүлүп, анын сезимдерин, ички карама-каршылыктарын жана жашоодогу аракеттеринин натыйжаларын аңдоого үндөйт. Жазуучунун бул повестиндеги Ильяс менен Аселдин тагдыры да сүйүүнүн күчүн, ишенимдин баалуулугун жана адамдык алсыздыктын кесепетин ачып берген терең мааниге ээ. Бул окуяда эки адамдын сүйүүсү аркылуу бүгүнкү күндө да маанисин жоготпогон үй-бүлөлүк жоопкерчилик, берилгендик, ишеним, өзүмчүлдүк жана адамдын өз катасын түшүнүп, өкүнүүсү сыяктуу адамдык сапаттар менен сезимдер чагылдырылган. Чыгармадагы каармандардын тагдыры бүгүнкү муундун жашоосу менен үндөшүп, көп нерсени ойлонууга түрткү берет. Анткени убакыт өзгөрүп, коом жаңыланганы менен адамдын жүрөгүндөгү сүйүүгө, түшүнүүгө жана бакытка болгон муктаждык өзгөргөн жок.
Ильяс турмуштун кыйынчылыгынан коркпогон, эр жүрөк, өз ишине берилген, намыскөй адам. Ал оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу катары тоолуу жолдордо эмгектенип, кесибин сүйөт. Анын мүнөзүндө тайманбастык, чечкиндүүлүк жана жашоого болгон күчтүү умтулуу бар. Аселге жолукканда анын жүрөгүндө өзгөчө сезим ойгонуп, сүйүүсү үчүн күрөшүүгө даяр экенин көрсөтөт. Асел да Ильястын кайраттуулугуна, өзүнө болгон ишенимине жана сезимдеринин күчүнө арбалып, аны сүйөт. Алардын мамилеси бири-бирине болгон таза сезиминен башталып, бирге жашоо, үй-бүлө куруу жана келечекке үмүт артуу менен уланат. Сүйүүнүн эң бийик сапаты адамдын башка бирөөнү урматтап, ишенимин сактап, бактысы үчүн жоопкерчилик ала билгенинде. Чыныгы сүйүү адамга кубаныч эле тартуулабастан, ага милдет да жүктөйт.
Повесттин башында Ильястын Аселге болгон сүйүүсү жалындаган, күчтүү жана чечкиндүү сезилет. Ал сүйүүсү үчүн тоскоолдуктарды жеңүүгө даяр. Бирок адамдын чыныгы мүнөзү баары ойдогудай болуп турганда эмес турмуш сыноолоруна кабылганда билинет эмеспи. үй-бүлөлүк жашоодо күнүмдүк түйшүктөр, түшүнбөстүктөр, чарчоо жана кыйынчылыктар жаралганда сүйүүнү сактап калуу үчүн сабырдуулук, өзүн башкара билүү жана бири-биринин сезимин түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Ильястын трагедиясы өзүнүн күчтүү жактарына карабастан, ички алсыздыгын жеңе албай калганында. Анын мүнөзүндөгү кызуу кандуулук, текеберлик жана өзүнө ашыкча ишенүү бара-бара жеке бактысына көлөкө түшүрөт. Ильястын жашоосундагы бурулуш учурлардын бири анын Аселге болгон ишенимди сактай албай калышы. Ал өзүнүн сезимдерин биринчи орунга коюп, үй-бүлөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти толук сезе албайт. Башында сүйүүсү үчүн күрөшкөн адам кийин ошол сүйүүнү сактап калуу үчүн күрөшүүгө келгенде алсыздык кылат.
Бул жагдай бүгүнкү күндөгү жаштардын жашоосу менен да үндөшүп турат. Азыр сүйүү жөнүндө көп айтылат, социалдык тармактарда сүйүшкөндөрдүн сүрөттөрү, бири-бирине арналган жылуу сөздөрү, кымбат белектери жана романтикалык учурлары байма-бай жарыяланат. Бирок сүйүүнүн чыныгы бийиктиги сырттан көрүнгөн кооз көрүнүштөр менен гана өлчөнбөйт. Адамдын сүйгөнүнө болгон мамилеси кыйынчылыкта, пикир келишпестикте, турмуштун оор күндөрүндө жана жоопкерчилик талап кылынган учурда билинет. Бүгүнкү жаштардын арасында мамилени бат баштап, ошол эле учурда пайда болгон кыйынчылыктардан улам бат эле токтотуп койгон учурлар да кездешет. ¯й-бүлө куруу тууралуу чечим кабыл алууда сезимге гана таянбастан, анын артында турган жоопкерчиликти да түшүнүү маанилүү. Анткени үй-бүлө эки адамдын ортосундагы мамиле менен чектелбейт. Ал бири-бирине ишенген, келечегин бириктирген, балдарынын тагдыры үчүн кам көргөн жана турмуштун сыноолорун чогуу жеңүүгө умтулган адамдардын биримдиги. Ильястын тагдыры жаштарга дал ушул жагынан сабак берет.
Чыгармада Аселдин образы да өзгөчө мааниге ээ. Ал сүйүүгө ишенген, үй-бүлөлүк бакытты самаган, сүйгөн адамы менен бирге келечек курууну каалаган аял. Анын Ильяска болгон сезими алгачкы кезде ишенимге жана үмүткө толгон. Ал сүйгөн адамынын жанында өзүн бактылуу сезип, биргелешкен жашоодон жакшылыктарды күтөт. Бирок турмуштагы окуялар Аселдин үмүтүн кыйратып, аны оор тандоого алып келет. Анын тагдыры аркылуу жазуучу аялдын жүрөгүндөгү сезимдерди, ишенимдин бузулушу кандай оор кесепеттерге алып келерин жана адамдын өз бактысын коргоого болгон аракетин көрсөтөт. Аселдин тагдыры бүгүнкү аялдар үчүн да маанилүү. ¯й-бүлөнүн ынтымагын сактоо, балдарды тарбиялоо жана жакындарына кам көрүү аялдын гана милдети эмес. Кээде коомдо үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү чечүү жоопкерчилиги аялга көбүрөөк жүктөлүп, анын чыдамкай болушу, кечириши жана кандай жагдай болбосун үй-бүлөнү сактап калышы күтүлөт. Бирок үй-бүлөнүн бекемдиги бир адамдын гана аракетине байланышпайт. Сүйүүдө бир адамдын гана курмандыгы эмес, эки адамдын тең аракеттери маанилүү.
Чыгармадагы Байтемирдин образы болсо сүйүү менен адамдык бийиктиктин башкача көрүнүшүн ачып берет. Ильяс менен Аселдин тагдыры оор сыноолорго кабылганда Байтемирдин жашоодогу орду өзгөчө мааниге ээ болот. Ал Аселге жана анын баласына камкордук кылып, алардын турмушунда ишенимге жана туруктуулукка негизделген мамиленин үлгүсүн көрсөтөт. Байтемирдин образы аркылуу сүйүүнүн жалындуу сезим менен гана чектелбегенин, анын камкордук, сабырдуулук, түшүнүү жана жоопкерчилик сыяктуу сапаттар менен да өлчөнөрүн көрөбүз.
Анын мүнөзү Ильястын мүнөзү менен салыштырганда чыгарманын негизги идеяларынын бири даана көрүнөт. Ильястын сезими күчтүү болгону менен, ал өзүнүн алсыз жактарын жеңе албай, сүйүүсүн сактап калууга тоскоолдук жаратат. Ал эми Байтемирдин камкордугу менен сабырдуулугу сүйүүнүн адамдык сапаттар аркылуу бекемделерин көрсөтөт. Азыркы муун үчүн да бул ойлонууга арзый турган маселе. Кээ бир адамдар сүйүүнү өзүнүн бактысы менен гана байланыштырып, экинчи тараптын сезимдерин жетиштүү деңгээлде эске алышпайт. Башкалары болсо сүйүү үчүн баарына чыдоону, өзүнүн каалоолорунан жана кызыкчылыктарынан толук баш тартууну туура деп эсептешет. Чындыгында, бул эки көз караштын ортосунда тең салмак болушу керек.
Ильяс менен Аселдин окуясы бүгүнкү жаштарга мамилени баштоодо эле эмес, аны сактоодо да акылмандык керек экенин эскертет. Чыгарманын тарбиялык мааниси адамдын өзүнө сын көз менен карай билүүсүндө да жатат. Ильястын каталары окурманды «Ал эмне үчүн мындай кылды?», «Мен ушундай жагдайга туш болсом, кандай чечим кабыл алмакмын?» деген суроого да жетелейт. Адабияттын күчү ушунда, ал окурманга даяр жоопту таңуулабайт, тескерисинче, адамды ой жүгүртүүгө, өзүнүн жүрүм-турумун талдоого жана турмуштук тандоолорун кайра карап чыгууга үндөйт. Ильястын тагдырын окуган жаш адам өзүнүн мүнөзүндөгү кызуу кандуулук, текеберлик же өзүмчүлдүк сыяктуу сапаттардын жакындарына кандай таасир тийгизиши мүмкүн экенин аңдай алат.
Ошондой эле чыгарма адамдын катасын моюнга алуунун маанисин көрсөтөт. Ар бир адам жаңылышы мүмкүн. Бирок ката кетирүү менен ошол катаны түшүнүп, анын кесепетин оңдоого аракеттенбөөнүн ортосунда чоң айырма бар. Кээде адабий чыгармалар мектепте окуу программасын өздөштүрүү, каармандарды мүнөздөө же окуялардын мазмунун айтып берүү менен гана чектелип калат. Бирок классикалык чыгармалардын чыныгы баалуулугу алардын мазмунун билүүдө эле эмес, андагы адамдык маселелерди бүгүнкү турмуш менен байланыштыра алууда. «Кызыл жоолук жалжалымды» окуган жаштар сүйүү, үй-бүлөлүк мамиле, ишеним, аялдын кадыр-баркы, ата-энелик жоопкерчилик жана адамдын өз тандоосу үчүн жооп бериши жөнүндө да ой жүгүртө алышат.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын бүгүнкү күнгө чейин окулуп келе жатканынын себеби жазуучу адамды бир жактуу сүрөттөбөйт. Анын каармандары сүйөт, ката кетирет, өкүнөт, күрөшөт жана өз тандоолорунун кесепеттери менен бетме-бет келет. Алардын тагдыры аркылуу окурман адамдык сапаттардын баалуулугун, руханий күчтүн маанисин жана жашоодогу жоопкерчиликтин ордун түшүнөт. Ильяс да дал ушундай татаал каармандардын бири. Анын образында кайраттуулук менен алсыздык, сүйүүгө берилүү менен жоопкерчиликтен тайсалдап калуу сыяктуу карама-каршылыктар чагылдырылган. Ошондуктан анын тагдыры окурманды кайдыгер калтырбайт.
«Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизги сабактарынын бири сүйүүнүн бийиктиги сөздүн кооздугу же сезимдин күчү менен гана өлчөнбөйт. Анын чыныгы баасы адамдын мамилесинен, ишенимди сактай билүүсүнөн, жакынынын бактысына кошкон салымынан жана кыйынчылык учурундагы жоопкерчилигинен көрүнөт. Сүйүү адамды жакшы жакка өзгөртүп, боорукерликке, сабырдуулукка жана түшүнүүгө үйрөтүшү керек. Бүгүнкү муун үчүн Ильястын тагдыры сүйүүнү сактап калуу үчүн өз мүнөзүң менен да күрөшүү керектигин эскерткен сабак. Аселдин образы ишеним менен адамдык кадыр-барктын маанисин көрсөтсө, Байтемирдин мамилеси камкордук менен туруктуулуктун баалуулугун ачат. Бул каармандардын тагдырлары бири-бири менен айкалышып, сүйүүнүн ар кандай көрүнүштөрүн жана адамдык тандоонун кесепеттерин түшүнүүгө жардам берет.
Убакыт өтөт, муундар алмашат, жашоо шарты өзгөрөт. Бирок сүйүүнү сактоо, ишенимге татыктуу болуу, жакындарыңдын сезимин урматтоо жана өз каталарыңдан сабак алуу сыяктуу адамдык баалуулуктар эч качан эскирбейт. Ошондуктан «Кызыл жоолук жалжалым» бүгүнкү жаштар үчүн да маанилүү чыгарма бойдон кала берет. Ал бизге сүйүү жүрөктөгү эле сезим эмес, күн сайын жасалган тандоо, ишенимди актоо жана башка адамдын тагдырына жоопкерчилик менен мамиле кылуу экенин эске салат. Чыныгы сүйүүнүн бийиктиги адамдын канчалык күчтүү сезимге кабылганынан эмес, ошол сезим үчүн канчалык жоопкерчилик ала билгенинен көрүнөт. Ал эми адамдын чыныгы улуулугу өз катасын жашырууда эмес, аны түшүнүп, андан сабак алып, кийинки кадамдарын акылмандык менен жасай билүүсүндө…
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу».



