Кыргызстанда көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу 22-октябрдан тартып күчүнө кирди. Анын алкагында өлкөнүн ар бир облусу, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары үчүн көмүрдүн чекене баасынын жогорку чеги өзүнчө белгиленет.
Белгиленген баадан кымбат саткан учурда жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мекеменин маалыматына караганда, бул чара жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында кабыл алынган.
Мамлекеттик жөнгө салуу көмүр рыногунда баалардын туруктуулугун камсыздоого жана калк үчүн отундун жеткиликтүүлүгүн сактоого багытталган.