Башкы беткеСаясатПрезиденттик шайлоону өткөрүүгө 1,2 млрд сом бөлүнөт

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 1,2 млрд сом бөлүнөт

Бүгүн, 25-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жумшала турган чыгымдардын сметасын бекитти.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом жумшалат. Эгерде шайлоо бир эле тур менен өтсө бул сумма азаят. Өлкөдө 27 миңге жакын шайлоо комиссиялары бар. Андан тышкары жер-жерлерде автоматтык эсептөөчү урналарды иштетүү үчүн операторлор тартылат. Каражаттын көбү алардын сый акысына жумшалат.

Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом кабыл алган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар