Башкы беткеИлимТамчыда жылдын мыкты мугалимине батир берилди

Тамчыда жылдын мыкты мугалимине батир берилди

Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы мектепте диндердин өнүгүү тарыхынан сабак берген Меруэт Бакировага батирдин ачкычы тапшырылды.

Мугалимге үйдүн ачкычы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан салтанаттуу иш-чарада берилди.

Мындан тышкары, предметтик номинациялар боюнча жеңүүчү болгон 14 мугалимге Президенттин фондунан 500 миң сомдон сыйлык тапшырылды.

Буга чейин Бишкек шаарында да «Жылдын мыкты мугалими» наамын алган педагогго батир берилген.

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар