Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, Ош шаардык мэриясынын жана Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулууда.
Фестивалдын максаты — кино аркылуу илимди, билимди, маданиятты жана искусствону жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо.
3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат.
Үч күнгө созулган иш-чаранын программасына тасмалардын конкурстук жана атайын көрсөтүүлөрү, лекциялар, мастер-класстар жана Болот Шамшиевдин чыгармаларынын ретроспективасы киргизилген.



