Башкы беткеКоомОшто көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды

20–25-октябрь күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында Көк бөрү федерациясынын 30 жылдыгына арналган Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.

Мелдешке Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош жана Баткен облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан келген жалпы алты команда катышат. Федерациянын маалыматына караганда, турнирге Нарын облусунун, Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун командалары катышпайт.

Нарын облусунун командасы аттарды мелдешке даярдоодо кыйынчылыктарга туш болгон. Команданын аттары буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана жаштар арасындагы турнирге катышкандыктан, азырынча жаңы мелдешке даяр эмес.

Ал эми Бишкек шаарынын командасында каржылык маселелер жаралган. Маалыматка ылайык, спортчулар мэрия убада кылган каражаттарды, анын ичинде буга чейинки Таласка болгон сапарга байланыштуу чыгымдарды жабууга бөлүнгөн акчаны ала элек.

Жалал-Абад облусунда болсо жакында аймактык көк бөрү федерациясынын жаңы президенти шайланган. Команданын кийинки мелдештерге катышуусу күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар