Башкы беткеДүйнөАКШдан депортацияланган 26 өзбекстандык Ташкентке жеткирилди

АКШдан депортацияланган 26 өзбекстандык Ташкентке жеткирилди

1-май күнү Ташкент шаарына АКШдан миграциялык мыйзамдарды бузган 26 Өзбекстандын жараны жеткирилди.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Дунё» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, рейс америкалык Omni Air International чартердик авиакомпаниясы тарабынан аткарылган.

Жарандар жалпы 36 саат жол жүрүшкөн. Учак Эль-Пасо шаарынан (АКШ–Мексика чек арасы) 29-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:08де учуп чыккан. Учуу багытында бир нече аралык токтоолор болгон: Балтимор (АКШ), Ясёнка (Польша), Кишинёв (Молдова), Бухарест (Румыния) жана Ереван (Армения).

Маалыматта белгиленгендей, бул операция Өзбекстан менен АКШнын тиешелүү органдарынын координацияланган кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат.

Буга чейин да ушул эле авиакомпания аркылуу:

  • январь айында — 44 жаран,
  • март айында — 65 жаран депортацияланган.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп 2025-жылы кайрадан АКШ президенти болуп келгенден кийин, өлкөдө мыйзамсыз мигранттарга каршы чаралар күчөтүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анын экинчи мөөнөтүнүн биринчи жылында 600 миңден ашуун адам депортацияланып, дагы 1,9 миллионго жакын адам өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен тыгыз кызматташып, жарандарды коопсуз түрдө мекенине кайтаруу иштерин улантып жатканын билдирген.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар