IIHF өткөргөн U-18 Азия Кубогунда Кыргызстандын жаштар курама командасы күмүш медаль утту. Мелдеш Бишкек шаарында өттү.
Финалдык беттеште кыргызстандык хоккейчилер Өзбекстан курама командасына 2:3 эсебинде утулуп калды. Ал эми үчүнчү орунду Монголия курамасы ээледи.
Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстандын курамасы төмөнкү жыйынтыктарды көрсөттү:
- Өзбекстанга — 2:4 эсебинде утулду
- Макаону — 15:0 эсебинде жеңди
- Индонезияны — 17:1 эсебинде утту
- Монголияны — 9:0 эсебинде жеңди
Кыргызстандын жаштар курама командасынын ийгилиги өлкөдө хоккей спорту өнүгүп жатканын дагы бир ирет тастыктады.


