Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысына базардын учурдагы ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы тууралуу маалымат берилди. Андан соң Президент соодагерлер жана жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын пикирлерин укту.
Маалыматка ылайык, “Торговый” базары 4 гектар аянтты ээлейт жана чек арага жакын жайгашкан ири соода жайларынын бири болуп саналат. Негизги соода шаршемби күндөрү жүргүзүлүп, бул күнү базарга 400гө жакын соодагер келет. Мындан тышкары, автоунаа жолунун боюнда туруктуу негизде 50гө жакын соода түйүнү иш алып барат.
Белгиленгендей, Президенттин Баткен облусуна болгон учурдагы сапары негизинен мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышууга байланыштуу болду. Ошондой эле өлкө башчысынын аймакка кийинки сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен өзүнчө жолугушууларды өткөрүү пландалууда.


