Башкы беткеПрезидентАймактарда жетекчилер эл менен түз жолугушууларды баштады

Аймактарда жетекчилер эл менен түз жолугушууларды баштады

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдыргандан кийин жер-жерлерде эл менен түз иш алып баруу боюнча тапшырма берген.

Анын алкагында бүгүнтөн тарта облустардагы президенттин өкүлдөрү, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери айыл өкмөттөрдү кыдырып, тургундар менен жолугушууларды башташты. Жолугушууларда жарандардын көйгөйлөрү жеринде угулуп, тиешелүү жетекчилер тарабынан жооптор берилет.

Маалыматка ылайык, ар бир жаран бул жыйындарга катышып, өз суроолорун берип, көйгөйлөрүн көтөрө алат. Жолугушуулар жергиликтүү телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Бул демилге мамлекет башчысынын “эл менен ачык жана түз иштөө” саясатынын алкагында ишке ашырылып жатат. Пландалган иш-чаралар жакынкы эки ай ичинде өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүн камтыйт.

Бийлик өкүлдөрү жарандардын үнүн угуп, мүмкүн болгон маселелерди жеринде чечүүгө аракет кылышат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар