Кыргыз футбол биримдигинин президентинин кызматына Адылбек Касымалиев талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу биримдиктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо 12-май күнү өтөт. Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов талапкер катары бекитилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз футбол биримдигин Камчыбек Ташиев жетектеп келген.


