Башкы беткеКоомКыргызстанда хантавируска байланыштуу дүрбөлөңгө негиз жок

Кыргызстанда хантавируска байланыштуу дүрбөлөңгө негиз жок

Кыргызстанга хантавирус инфекциясынын кирип келүү коркунучу өтө төмөн жана калк менен туристтер үчүн кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Адистердин айтымында, хантавирус кемирүүчүлөр аркылуу жугат жана анын белгилери сасык тумоого окшош болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да вирустун кеңири жайылуу коркунучу төмөн экенин белгилеген. Учурда хантавируска каршы вакцина жок болгондуктан, жарандарга кемирүүчүлөрдөн сактануу жана санитардык эрежелерди сактоо сунушталды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар