2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан 11 миң 799 тонна сүт азыгы экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,7%га көп экенин Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, экспорттун өсүшүнө кымыз, курут сыяктуу кычкыл сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү таасир эткен. Ошондой эле сүттүн сары суусу, кургатылган эчки сүтү, сүт коктейли жана каймак да сыртка чыгарылган.
Ал эми сары май, сыр, кургак сүт жана балмуздактын экспорту азайганы белгиленди. Министрлик сүт тармагында жалпы оң динамика сакталып жатканын маалымдады.


